Депутат эскирген унааларга чектөө киргизүү керектигин айтты

Кыргыз мамлекетин жашыл экономиканын өлкөсү кылуу боюнча мыйзам сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоорун депутат Экмат Байпакбаев сунуштаган. Эл өкүлү мыйзамдын артыкчылыктарын Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында презентациялады.

"Бүгүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөр жашыл экономикалык жарышка өттү. Биздин энергетикалык тармак гидросистем менен өндүрүлөт. Атомдук бир да энергетикалык өндүрүш жок. Ал эми кайра иштетүү, өндүрүш тармагында да химиялык элементтер колдонулбайт. Биздин өлкө экологиялык, жашыл экономикага кадам таштоо үчүн эң ылайыктуу өлкө", - деди Байпакбаев.

Демилгечи бул үчүн жаратылышты ар кандай булганычтардан коргоонун зарылдыгын белгиледи.

"Мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча абанын булганышына 87 пайыз эски автоунаалардын түтүнү себеп болот. Абанын, жаратылыштын булганышынан 2010-2015-жылдары 10 миңден ашуун адам онкологиялык ооруларга чалдыккан. Ошондуктан эскирген унааларга чектөө киргизүү зарыл", - деп кошумчалады Байпакбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mratbashy
2018-01-23 19:14:32
Жаны машина алгыдай жумуш айлык менен камсыз кылгылы анан анан суйлогуло тилим бар деп ар нерсени суйлой бербей
+3
Too-tash
2018-01-23 19:43:33
Жогорку Кенешке бут эле сабатсыз наадандар чогулуп алышкан окшойт, уурулуктан башканы билбеген...

Жогорудагы депутаттын дооругон кебине жооп айтып коеюн: биздеги булганыч аба рак ооруларын пайда кылуудагы эн акыркы факторлордон, б.а. булганыч аба рак оорусун чакырган негизги факторлор катарына кирбейт..

+3
asankulov12
2018-01-23 19:47:49
Туура, киргизбеш керек.
-2
Too-tash
2018-01-23 19:55:05
Кыргызстанда рак оорусуна алып келген негизги факторлордун башында Кытайдан ташылып келип жаткан зыяндуу кийимдер, айрыкча аялдардын эмчек тарткычтары сыяктуу ич кийимдер; курамында уулуу химиялык заттар ашкере коп болгон азык-тулук, момо-жемиштер, озубуздо ондурулгону да, Кытайдан ташылып келингени да; тамеки тартуу...Анан да кайгы-капа, стресс. Учурдагы оор турмуш шартка ылайык элдин басымдуу болугу копчулук учурда стресс болуп журушот.
+2
Too-tash
2018-01-23 19:59:02
Стресс болсо инсандын ар турдуу ооруларга чалдыгуусуна себепчи болот. Ал оорулар арасында рак оорусу да бар.. Баары келип турмуш-шарт, акчага такалат... Эгер депутаттар элдин рак брлушун каалабаган болсо, казынаны тонооону, элдин ырыскысын уурдоону токтотуп эл учун ак кызмат кылышмак... Эллин жашоо турмушу жакшырса, Кытайдын сапатсыз, зыян кийим-кече, азык-тулугун эл сатып албас эле. Элде кайгы-мун азайып жуздорун кубаныч аралайт эле. Ошондо рак оорусу азаят эл арасында...
+1
Too-tash
2018-01-23 20:03:24
Ал эми бир депутат озунун автобизнесин ойлоп, эски унааларды чектейм дегени туура эмес... Абасы таза тоолуктар да рак болуп жатканына караганда, депутат айткан абанын булганышы ракты пайда кылуучу негизги факторлор катарына кирбейт, бул болгону бир шылтоо...

Элде кыйраткан акча болбогону учун да эски-уску, шалдырак машинелерди сатып алып минип журушот... Анда элдин жашоо шартын жакшырткыла да, ошондо ушул талапты койгула... Элементарный жумуш ордун тузуп бере алышпайт дагы...
0
Abdyrawit
2018-01-23 20:48:08
Эски машинага азылып эмне кыласыңар... Карапайым элде көбүнчөсү эски машина.... Андан көрө мөңгүнү талкалоо боюнча же кум-төр жаратылышка зыян берип жатабы жокпу ошол маселени көтөрүп чыкпайсыңарбы... Айланып айланып эле, карапайым калкка такала бербей..
+4
jbolotov
2018-01-23 20:56:32
Abdyrawit, Туура , монгулор ээрип кетсе Кыргызтан, Орто Азия чолго айланат.
+3
nur123456
2018-01-24 03:36:47
Дееги качан акылдуу дедутат келет оз чонтогун ойлоп элди кыйнап жанны машина алгыла деп акчан коп болсо сен алып бер баарына жанны машина де элдин эски машинасын баары сатып ал тупой депутат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан