Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек жылуулук электр борборунун аварияга байланыштуу өкмөттүн кышка даярдыгын "канааттандырарлык эмес" деп тапты.
Бул сунушту "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев киргизди. Депутаттар добуш берүүдө "канааттандырарлык эмес" жана "жетиштүү эмес" деген сөздүн тегерегинде бир топко чейин тартышты.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев жана депутат Курманкул Зулушев "жетиштүү эмес" деген баа юридикалык термин эместигин айтып, өкмөттүн ишине баа берүүдө "канааттандырарлык эмес" деп добуш берүү туура боло турганын айтты.
Маселе талашка түшүп добуш берүү менен чечилди. Депутаттар чечим юридикалык күчкө ээ болушу үчүн "канааттандырарлык эмес" деп добуш берүүнү чечишти.
Добуш берүүдө 78 депутат "макул", 4 эл өкүлү "каршы" деп добуш беришти.