ЖЭБдеги авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны өтөт

Бүгүн, 16-февралда Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны өтөт. Иш-чара алгач шаардык жылуулук борборунда башталып, андан соң комиссиянын көчмө жыйыны Жогорку Кеңештин имаратында улантылат. Ага комиссия курамына кирген депутаттар, өкмөт мүчөлөрү катышат.

Депутаттык комиссия 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгат.

ЖЭБдеги авария боюнча мекемелер аралык түзүлгөн комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарып, авариянын келип чыгуудагы алдын ала себептерин атаган.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан