Бишкек ЖЭБи боюнча келишимди ратификациялоо Жогорку Кеңештин Регламентин бузуу менен өткөнү айтылды. Жооптуу депутаттар эмне дешет?

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги абал тууралуу өкмөттүн маалыматы уктурулду. Анын жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды.

"Прокуратура бул башынан эле пайдасыз келишим болгонун айтып жатат. Анда көп деталдык эсептер жок болгонун Эсептөө палатасы да аныктап чыккан. Учурда УКМК, Башкы прокуратурага суроом пайда болду. Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок? Мындайча айтканда, алар өзүнөн жоопкерчиликти алып, 8 кишиге күнөөнү оодарып салды, эмне себептен депутаттар жоопкерчиликке тартылган жок? Ушул суроого жооп берсеңиз", - деди депутат.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Сиз бир нече чакырылыштын депутаты болгонсуз. Мыйзамдарды жакшы билесиз, Конституцияда так жазылган. Депутат өзүнүн берген добушу, трибунада сүйлөгөн сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Ал учурда депутаттар жакшы ниет менен колдошкон, мынча акча желип кетет деп эч ким ойлогон эмес", - деди.

Анда ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл ала турганын айтты.

"Бул келишимди колдогондо ак ниет менен чын дилибизден башчыларга ишенип кабыл алып бергенбиз. 2013-жылы июль айында келишимге өкмөт кол коюп жатат. Жогорку Кеңешке келишимдик макулдашуунун долбоорун сентябрь айында алды. Комитетке келип, тездетип кабыл алып бергиле макулдашуу керек деп айтышкан. Минтип ким айтканын билесиңер. Отун-энергетика боюнча комитет (төрагасы Кожобек Рыспаев), Бюджет жана финансы боюнча комитет (төрагасы Ахматбек Келдибеков) чечим чыгарып, ачык-айкын пикирлерин айтып, өкмөткө жиберип жатат. Жыйынтыктоочу макулдугун берген Эл аралык иштер боюнча комитет (төрагасы Каныбек Иманалиев). Алар жыйынтыктап чыгарып жатат. Бизге ошол сунуштардын негизинде колдоп беришибиз керектиги айтылган. 9-10-сентябрда комитеттер карап, 11-сентябрда өкмөт тараптан кол коюлуп жатат. Кайра декабрда өкмөттөн токтом менен кошо бизге кат келип жатат. Конституциянын 80-беренесинин 200-бөлүмүнө ылайык аталган мыйзам долбоору кечиктирилгис катары кезексиз каралсын деп келген. Биз карап бергенбиз. Жогорку Кеңеш бир күндө үч окууда карап берсин деп келген. Мыйзам бузуу болгон жок. Жантөрө Сатыбалдиевдин колу менен өкмөттөн кечиктирилгис, кезексиз каралсын деп келген. Биз карап келе жатабыз. Ошондо да эмнеге кымбат деген сөз болгон. Авариядан кийин гана билип жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Анан комиссия түзүлдү. Жакында Нурбек Токтакунов айрымдардын жоопкерчилиги каралышы керек деп айтып чыкты. Ал кимдин жактоочусу экенин билесиңер. Алардын айласы жок, күнөөнү Жогорку Кеңешке оодарышы керек. Уурулар жооп бериши зарыл. Биздин да талабыбыз ошол", - дейт Жээнбеков.

Ошол учурдагы Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев келишимдерди ратификациялап бергени үчүн депутаттарды айыптоо туура эмес деген пикирин айтты.

"Ирина Карамушкинанын логикасына таянсак, жылына бирден Жогорку Кеңештин төрагасын камап турушубуз керек. Биз жакында бюджетти 156 миллиард сом деп бекиттик. Ошолор министрликтерге бөлүнөт. Анан ипподромдон, тарых музейинен, онкологиялык ооруканадан жегендей жешет. Анан ошого төрага жооп береби? Мына анын логикасынын деңгээли. Дагы анын логикасына таянсак, бул жердеги 120 депутаттын баарын камаш керек. Себеби биз келгенден бери эки жылда 46 келишимге кол койдук. 1 миллиард 960 миллион доллар. Мындан эч ким жебейт деп кимиңер кепилдик бере аласыңар? Желет, бирок ага Жогорку Кеңеш эмес, тендерди өткөргөндөр, министрликтер жооп бериши керек.

Келишимди колдоп бергеним чын. 2013-жылы 9-сентябрда президенттин өкүлү келип үч күндөн кийин Си Цзиньпин келе жатат. Тарыхый документке кол коюш керек деди. Мен ошондо кол койбосом кыргыз элинин душманы сезмекмин. Мен акчаны жеп алат деп кол койгон эмесмин", - деди.

Отун-энергетика боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев өз учурунда келишимди текшерип чыгуу боюнча аракеттеринен жыйынтык чыкпаганын айтты.

"Тергөөчү болуп иштебеген адамга деле эмне болгону белгилүү. Башынан эле өзүнүн шефинин берген буйруктарын кынтыксыз аткарышып, Сапар Исаковго "куранга карганалы" деп айтып жүрдүм. Бирок бизди, депутаттарды эмне деди? Алмазбек Атамбаев баш болуп "1957-жылы курулган ЖЭБ токтоп калса душманы болосуңар" десе биз ратификация кылып бердик. Аткаруу бийлигине тапшырма берип жатабыз. Алардын Техника-экономикалык негиздемелери жок болчу. Юстиция министрлигине "бул эл аралык келишимге жатабы?" деп суроо берсем ал жактан болбойт деп айтышкан. Аны укпай Сапар Исаков баш болуп угушкан эмес. Комитет менен барып текшерели дегенде Алмазбек Атамбаев ачуусу келип бизди токтотуп коюшкан. Азыр ким шек жаратса эле камап коюп жатышат. Ошол кездеги премьер-министр биз менен сүйлөшпөй туруп, депутаттардын атын жазбай комиссияга киргизип койду. Ошолор кымыйып отуруп колдоп берген. Комитет төрагасы болуп туруп айткам, бирок депутаттар "сүйлөй бересиңер" дегендей мамиле кылды. Аткарылгандан кийин биз текшерип чыгалы дегенде Сапар Исаков баш болуп жол бербей турду. Эмне үчүн Шадиевдин бухгалтери барып ТВЕАга иштеп калат? Бул түздөн-түз тиешеси бар дегенди түшүндүрөт. 150 миллион долларга түзүлгөн долбоорду 386 миллион доллар деп алып чыгып жатышат. ТВЕАны ким алып чыкты? Элчиликте Рая деген экспертти айтышкан. Колубуз кыска экен Кытайдагыны текшере албай койдук. Башында эле тергөөчүлөр топ-топ кылып алып барып камап коюшу керек эле. Биз жүздөгөн ратификацияларды өткөрүп жатабыз. Өкмөткө барып ушуга кычкач ал, муну ал деп жатабызбы?" - деди Рыспаев.

Юрист Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБи боюнча келишимге кол койгон депутаттардын билдирүүсү боюнча өз пикирин жарыялады.

"Депутат Каныбек Иманалиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча макул деп кол коюп бергенин жактоо үчүн маектеринде Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө 55-беренеге таянып "эл аралык келишимдерди бир эле учурда үч окууда кабыл алса болот" деп айтып жатат. Ошол эле учурда Регламенттеги "кредиттик макулдашууларды кошпогондо" деген бир маанилүү нерсеге көңүл бурбагандай түр көрсөтүп жатат. Парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков да өзү кредиттик макулдашуунун ратификацияланышы регламентти бузуу менен өтүшүнө жоопкерчиликтүү экенин моюнга алгысы келбегенде", - деп жазат Нурбек Токтакунов.

Юристтин айтканы Жогорку Кеңештин Регламентиндеги 55-берененин 10-бөлүгүндөгү 6-пунктунда көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан