Депутат Артыкбаев ЖЭБ боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна жаңылыш добуш берип алганын айтты

Депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБ боюнча өткөн жума кабыл алган токтомго жаңылыш добуш берип алганын айтты. Эл өкүлү техникалык себептерден улам токтомго "каршы" деп добуш берип алгандыктан, аны кайрадан өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисине кат менен кайрылганын белгиледи.

"Урматтуу төрага Дастан Артисбекович, мен ЖЭБ боюнча кабыл алынган токтомго "каршы" добуш берип алган экенмин. Бул техникалык себептерден улам болгон. Мен "макул" болчумун. Ошондуктан Жогорку Кеңештин аппаратына токтом боюнча кат менен кайрылдым", - деди Артыкбаев.

Төрага Дастан Жумабеков депутаттын каты тийиштүү комитет тарабынан карала турганын маалымдады.

Белгилей кетсек, өткөн апта Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун карап, токтом долбоорун кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn7776
2018-05-23 12:22:02
А ХХХХХ бир жума откондон кийин жанылыш берип алыпмын деп отурганын кара... биринчи эле коргондо айтпайсынбы... менимче, Артыкбаевди колдобой коюшту го крышалары. Уят...абдан уят!
+4
Zamka79
2018-05-23 12:46:15
Артисттер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан