Интернетте Бишкек Жылуулук электр борборундагы жана "Электр станциялары" ААКсындагы майлуу кызматтарды ишкананын жетекчилеринин туугандары ээлеп алгандыгы тууралуу маалыматтар талкууланууда.
Айтылып жаткан маалымат боюнча SUPER.KG порталына ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жооп берди.
"Бир туугандарым ЖЭБде иштей тургандыгы, башка дагы туугандарым ал жакта иштегендиги чын. Мен ал жакка жумушка киргенге чейин эле туугандарым иштеп келишкен. Калыс Жаманкулов, Данияр Жаманкулов жана Асел Жаманкулова бир туугандарым. Ал эми Нурбек Жаманкулов, Мирбек Жаманкулов, Адилет Жаманкулов менен эки бир туугандын балдарыбыз. Мен жетекчиликке келгенде туугандарымдын биринин деле кызматы жогорулаган жок. Мурдагы эле ордуларында иштеп жатышат. Учурда деле ал жакта иштешет", - дейт Өмүркул уулу.
Калыс Жаманкулов, бир тууганы, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
Данияр Жаманкулов, бир тууганы, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
Асел Жаманкулова, бир тууган карындашы, химиялык цехте аппаратчы;
Нурбек Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
Мирбек Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
Адилет Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, айдоочу.