Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулунун жубайы Айсулуу Эрмектин эмне бизнес кылары белгилүү болду

Казакстанда кармалган Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жубайы Айсулуу Эрмектин эмне бизнес кылары белгилүү болду.

"Аю холдинг" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев Айсулуу Эрмек жана башка ишкерлер менен 3 компанияда өнөктөш экенин билдирди.

"Биздин өнөктөш болгон 3 фирманын ичинде Дамирбек Асылбек уулунун аты-жөнү жок. Ал мамлекеттик кызматкер болгонуна байланыштуу бизнес кыла албай тургандыгы белгилүү. Жубайына бизнес кылууга мыйзам жол берет. Анын үлүшү бар 3 фирма тең былтыр жаңы ачылган. Алар 100 пайыз "Аю Холдингге" карабайт, биз өнөктөшпүз. Дамирбек Асылбек уулунун жубайы менен өнөктөш катары иштешебиз", - деди Түлөбаев.

Айсулуу Эрмектин үлүшү бар 3 фирма:

1) ЖЧК "Аю Констракшн"

Бул фирма катталганына бир нече ай болгон, тагыраагы, 2017-жылдын 30-ноябрында каттоодон өткөн. Бул компанияны түзүүчүлөрүнүн саны 6 адам, арасында депутаттын жубайы Айсулуу Эрмек жана Шаршенбек Абдыкеримов бар.

2) ЖЧК "Фрунзе-Резорт"

Бул дагы 2017-жылдын 27-июнунда түзүлгөн, түзүүчүлөр Айсулуу Эрмек жана Шаршенбек Абдыкеримов. Үчүнчү адам ким экени белгисиз.

3) ЖЧК "Тянь-Шань Каракол"

Бул фирма дагы 2017-жылдын ноябрь айында кайрадан каттоодон өткөн. Түзүүчүлөр 3 адам, алардын бири Айсулуу Эрмек, экинчиси Ырысбүбү Абдыкеримова.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын атынан шайланып келген. Ал эми аталган партияны 2013-жылы "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан