Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун апасы Съездгүл Супатаева уулун күтүп жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Баламды 1979-жылы Ысык-Көл облустук төрөтканада төрөгөм. Эч кандай казак эмес, улуту кыргыз. 8-классты Караколдон бүтүрүп, Бишкек шаарына кеткен. Үйгө келгенде шашып кетип калчу. Уулум кармалганын телеберүү, радиолордон угуп калдык. Балам батыраак келсе экен деп күтүп жатабыз", - деди Съездгүл Супатаева.
Супатаева баласынын улутун жана туулган жерин тастыктай турган документтер үйүндө жоктугун айтты. Ал билдиргендей, документтерди Дамирбек Асылбек уулу алып кеткен.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.