"Кыргызстан" фракциясы депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандан кармалышы боюнча билдирүү жасады

Бүгүн, 19-февралда "Кыргызстан" фракциясы депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандан кармалышы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анда Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргыз-Казак желегин желбиретип, Кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келгени айтылат.

"Казакстандын Башкы прокуратурасы 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалып, катарында Кыргыздын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун бар экендигин тастыктаган маалымат тараткан.

Бул окуя боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөрдү. Дамирбек Асылбек уулу аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат. Массалык маалымат каражаттарына таркатылган бул окуя Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы үчүн күтүүсүз болду. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар.

Фракция Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Кыргыз жарандарынын укугун тебелебей, мыйзамды көзөмөлдөө аркылуу Казакстандын компетенттүү органдары бул маселени иликтейт деп ишеним артабыз.", - деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-02-19 13:22:48
Хит болду го депутатыбыз, жаныланды, кошулду болуп
+5
tursunbaev78
2018-02-19 13:55:05
Алгылыктуу иштерди кылса өзү үчүн кылып аткандырда,бизде бир дагы депутат эл үчүн иштебейт,шайлоо жакындаганда эле көрбөсөң,башка маалда көрбөйсүң буларды.
+2
aydinnur
2018-02-19 14:28:53
Значит мурунку бандит экен да, спортчу болсо..
+2
jbolotov
2018-02-19 16:28:31
Депутаттардын колунан эч нерсе келбейт азыр, баарын Президент эле чечип калган. Депутатыка отуруу жеке бизнесин коргоо, милиция ж.б органдарга текшертбей журуу болуп калды иш жузундо.
+1
BekAmir
2018-02-19 19:49:27
Талаалап жургон Карапайым элдин укугун ушинтип коргогонунарда кана....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан