Тышкы иштер министри Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугун тастыктаган документти өкмөткө жана президенттик аппаратка жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы аларга Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экенин тастыктаган расмий маалымат түшө электигин билдирген. Расмий маалымат түшкөндөн кийин бул маселени карай тургандарын айтышкан.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды.