БШК: "Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугун тактоо боюнча суроо-талаптын жообу келе элек"

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугун тактоо боюнча суроо-талаптын жообу келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги аркылуу Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча суроо-талап жиберген. "Биз суроо-талапты убактысында жөнөткөнбүз. Бирок жообу келе элек. Казакстан жооп бериши керек болчу, кармалып жатат. Эрежелерге ылайык, тышкы мамилелер боюнча суроо-талаптар Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнөтүлөт", - дейт Бекматов.

Буга чейин 27-февралда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова суроо-талап жөнөтүлгөнүн айткан.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2018-03-20 16:36:20
Колунда эч нерсе болбосо, эч ким сени тоготбойт азыркы заманда.
0
Kanat.tls
2018-03-20 17:48:00
БШК силер тарап эле кеткилечи!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан