Контрабандага шектелип кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулун сотко жеткирбей Казакстандан алып чыгуу керек. Бул тууралуу 22-февралда Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди. Депутат кесиптештерин сунушту колдоого чакырды.
"Депутаттар кепилдик берип, Дамирбек Асылбек уулун сотко чейин өзүбүзгө тартып алышыбыз керек. Ал эч жакка качпайт. Азырынча ага күнөө койгондон алыс бололу. Ал спортто Кыргыз желегин желбиретип, ийгилик жараткан адам. Эӊ башкысы Жогорку Кеӊештин депутаты, биз кепилдик берүү үчүн кол коюп берсек. Депутаттын контрабандага аралаштыгы болушу үчүн ал Бажы кызматында иштеши керек эле. Контрабанданы ар бир эле депутат чыгара албайт. Өкмөт Тышкы иштер министрлигине тапшырма берип, депутатты сотко чейин алып чыгыш керек", - дейт Икрамов.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды. Айрым ЖМКлар жеке булактарга таянуу менен аталган депутатта кош жарандуулук бар экенин жазып чыгышты. Маалыматты азырынча Кыргыз тарап да, Казак тарап да тастыктай элек.