Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу документтер келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар деген документ келиптир. Мен азыр чет жерде жүрөм. БШКда Дамирбек Асылбек уулун мандатынан ажыратуу маселеси жакынкы күндөрү каралышы мүмкүн", - деди Бекматов.
Буга чейин 27-февралда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Казакстанга суроо-талап жөнөтүлгөнүн айткан. Эгер депутаттын кош жарандуулугу аныкталса, БШК аны мандаттан ажыратышы мүмкүн экенин белгилеген.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.