Бир консультантка 5 миллион доллар... ЖЭБди жаңылоодогу 386 миллион доллар эмнеге коротулган? (тизме)

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого кандай баада эмнелер сатып алынганы белгилүү болду. SUPER.KG'нин карамагына түшкөн документте 600 долларлык кычкачтан башка да кызыктуу жагдайлар табылды. Бул документ 2017-жылы бекитилгенин, ага кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мусажан Макелек кол койгонун жана мөөр басканын көрсө болот.

Документте 386 миллион долларга конкреттүү түрдө канча жабдуу кандай баада сатып алынганы, тейлөөгө канча сумма каралганы көрсөтүлүүдө. Чоң каражат сарпталган учурларды иргей турган болсок:

турбина - 46 миллион 893 миң доллар;

башкы корпус - 40 миллион 261 миң доллар;

эки от казан - 41,4 миллион доллар (ар бири 20,7 миллион доллардан);

кабель жана кабелдик курулуштар - 20 миллион 299 миң доллар;

жылуулукту көзөмөлдөө системи - 19 миллион 400 миң доллар;

күкүрттү жок кылуу системи - 19 миллион 173 миң доллар;

сууну кайра иштетүү системи - 9 миллион 571 миң доллар.

Ошондой эле "башка чыгашалар" деген бөлүк боюнча 49 миллион 647 миң доллар жумшалган. Анын ичинде административдик чыгашага эле 14 миллион 443 миң доллар бөлүнсө, бир консультанттын кызматы үчүн эле 5 миллион 937 миң доллар каралган.

Мындан тышкары документтеги тизмеде төмөндөгү коротуулар да көңүл бурдурат. Мисалы:

Видеобайкоо - 1 миллион 738 миң доллар (анын ичинде 128 камерага 38 миң 400 доллар, 5 видеорегистраторго 2 миң доллар каралган);

Өрт сигнализациясы - 220 миң 559 доллар (жалпы өрткө каршы системине 1 миллион 184 миң доллар каралган);

Айлана-чөйрөнү коргоо - 583 миң 847 доллар (анын ичинде ЖЭБдин аймагын жашылдандырууга 20 миң доллар каралган).

Айта кетсек, Бишкек ЖЭБин жаӊылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар карызга алынган. Бул акча кантип жумшалары боюнча Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата аудит жүргүзгөн. Мисалы, жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалары айтылган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
gulmi
2018-03-15 11:31:44
600$ плоскогубцы!!!Коррупционерлер жазалансын.Апрель революциясы эмне учун болгон?Бакиевдин 60 тыйыны булардын миллиондорунун чанында эле калат экен.Анда эмне учун 90 адам аянтта каза болду?
+13
fantomas
2018-03-15 11:36:06
Биз, ЭЛ, куноолуулордун жазалануусун, уй-мулк, байлыгы конфискациялануусун, ошол 386 миллион доллар кустурулуп алынышын талап кылабыз!!!

Эн биринчи куноолуу фигура бул Атамбаев!!! Андан кийин ошол убактагы Окмот башчылары, ошол убактагы энергетика министри Осмонбек Арьыкбаев, тундук электр ишканасынын директору Салайдин Авазов, Шадиев ж.б.

Ошолорду кустургула!!! Эн биринчи Атамбаевди кустургула!!!
+11
Baku88
2018-03-15 13:00:19
fantomas, сен ушу Атамбаевдин кундошу окшойсун ар бир сөзүндө Атамбаевге асыласын
-13
Mers124
2018-03-15 12:04:08
Эсеп палатасы да жооп бериш керек.
+8
jbolotov
2018-03-15 12:20:29
Башкы корпус 40 миллион !!!! 40 000 000 долларга 40 корпус салса болотко? 1 миллион долларга бир 9 этаждык панелдуу уй салса кенири жетет. Була 5 колун эмес 10 колун буттары менен кошо салган экенда. Олум жазасы киргизилбесе онолбойт мекенибиз.
+9
Janyjol.86
2018-03-15 12:28:27
Урматтуу кыргыз элим биз качанкыга чейин ушинтип кустурсун толотсун камасын деп айтып журо беребиз.бирок айтканыбыз мн аны эчким тоготпой атат.себеби биз бир адамдан талап кылышыбыз керек. Кегиле туугандар чогулалыда пикет митинг деп жар салбай экс президент атамбаетен талап кылалы менин ойумча ошол кунолуу. Атамбаев КЫРГЫЗ элин жаманбы жакшыбы 6 жыл башкарды бир КЫРГЫЗ эли бир чон уй булодой эле ал уй булонун атасы АТАМБЕВ болгон.
+10
jbolotov
2018-03-15 17:59:50
Janyjol.86,Ошол уй булоонун алкаш Атасы Россиянын куурчагы оюнчугу болдуго, кыргыз элин уят кылып.
+2
cyrus
2018-03-15 12:30:57
Кытайга окшоп коррупцияга аралашкандарды баарын атыш керек.
+4
Janyjol.86
2018-03-15 12:40:00
А ата деген киреше чыгашаны эсептеп туруш керек мен деле бир курулуш кылсам атам мн кенешип иш аткарам ага ойумду айтып акыл сурайм анан курулушту бащтайм план мн. кеткен расходу канча болот устага канча кетет курулушка канча акча кететет.бул жерде бир эле куноолуу адам бар ал АТАМБАЕВ .биз сокеден талап кылганыбыз мн пайда жок СОКЕ АТАМБАЕВке эч убакта каршы чыгалбат. Эгер биз талапты атамбаевтен талап кылсак уйаты болсо толоп берет элинин каргышан корко болбосо уйабагандан озун уйал болот.
+6
Jelezo
2018-03-15 12:45:07
Артыкбаевди камаса эле айтмак,Сегизбаев каякта Текебаевди аэропортон кармады элего бир орустун айтканы менен азыр оптом эле айдап барып камап калбайбы качып кетише электе өзү да таза эмес окшойт өчүп калганына караганда
+4
Arlenchik
2018-03-15 12:45:46
ХХХХ жегичтер! таза ХХХХ экенсинер! бааларды асмандан алып жазышыптыр го, муну жон калтырбаш керек, бул каражат мамлекеттики эмес, карызга алынган акчаны жеп атышат, эми аны усток пайызы мн толош керек болот, ошондуктан коомчулук чон талкуу кылып, булардын жазаланышын талап кылыш керек, куноолулордун уй-мулкун конфикациялап оздорун жанагы 600$га алынган кымбат кычкачтарды ысытып туруп жондоруна басыш керек! жазалансын акмактар! жалпы журт ошол нерсени талап кылат!
+7
Janyjol.86
2018-03-15 13:07:08
Туугандар менин ойунча бул нерсе АТАМБАЕВТИН планы мн болгонбу деймда.себеби шайлоолорго каражтты оз чонтогунон чыгаргысы келбей ЖЕБге чон суммада 386 милионго караз алып анын учтон бир болугун ЖЕБге жумшап калганын шайлоого жумшап. Буну айтканымдын себеби АТАМБАЕВ ЖЕБ дин ачылышына барганда ЖЕБде эчнерсе жасалбаганын коруп туруп лентамын кыркып ачылышына катышыр кыргыз элине биз жаны ЖЕБ дуу болдук деп мактанганына караганда иш чала болгонун коруп туруп кормоксон болуп койгонуна караганда
+6
Mavlyuda
2018-03-15 16:44:57
Janyjol.86,Болушу мүмкүн. Бүт баарын күтсө болот акмактардан
+2
sabyr86
2018-03-15 14:26:05
Тешип чыксын,жарып чыксын деп каргап эле отуруп калбай талап кылалы камалсын кунолуулор.
+5
nazarKGZ
2018-03-15 15:50:31
sabyr86,тура айтасыз
+2
nazarKGZ
2018-03-15 15:56:15
биз эл жазалабасак булар бир бирин аркасын жаап атышат
+3
Baha-kyrgyz
2018-03-15 22:57:01
1 консультантка 5 млн 937 мин доллар эмне болгон консультант шумдугун кургур! Эмне деген акча. Бул айбандардын баарын алып келишкен кычкачы менен кыпчытып курган эки от казанына салып бышырыш керек.
+4
Kitep
2018-03-16 01:53:15
Жалан миллиондор...тажикстан ошончо акчага нолдон баштап жаны ТЭЦ курдуран экен. А бизде бар нерсенин бир болугуно гана
+2
qwert123
2018-03-16 21:52:36
эгер ТЭЦ авария болбогондо билинбей калмак экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан