Депутат Рыспаев: "Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн алынган 386 миллион доллар насыя үчүн 492 миллион доллар төлөйбүз"

"Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн алынган 386 миллион доллар насыя үчүн 492 миллион доллар төлөйбүз", - деп бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, насыя 20 жылга берилген. "Жеңилдетилген мөөнөтү 11 жыл. Пайыздык коюму жылына 2 пайыз. Ошондо 386 миллион доллардын үстүнө 106 миллион доллар кошуп беребиз", - деди Кожобев Рыспаев.

Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jbolotov
2018-02-01 22:11:11
Бул аудит эч нерсени чече албайт. Чон акчалар келген жерге чон кызматкерлер созсуз аралашкан деп ойлойм. Кантип курулуш ишине 66 млн$ кетсин? Монтажы озунчо 64 млн$ дейт? Техниканы жеткирууго эле 12 млн $ дейт? Эми жебеген самсаны эл толош керек.
+1
Shekeev969798
2018-02-02 00:40:29
Жазга чыгып митинг кылып баарын тазалайт окшойбуз? Ошого жеткирип атасынар создун ачыгы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан