Депутат Гүлшат Асылбаева өкмөт башчыга Бишкек ЖЭБдин кышка даярдыгы боюнча маселени жеке көзөмөлгө алууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Бишкек ЖЭБиндеги химиялык цехтин курулушунда жана Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы боюнча маселелер бар экенин айтты.
"Бишкек шаарынын мэринин жетекчилиги астында болгон жыйында Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Андрей Воропаев ЖЭБде авария болбойт деп толук кепилдик бере алган жок. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов химиялык цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган, бирок иш жүзүндө цехтин бүтүшү декабрь айына бара турганы айтылууда.
"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Азамат Абдыкадыров курулуш иштери график менен жүрүп жатканын айтып жатат. Учурда химиялык цехтин курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси жок, курулуш ашар түрүндө жүрүп кетти. Иштер ушундай болуп жатса, ЖЭБдеги кырсык кайталанбайт деп ким кепилдик берет, анын үстүнө мекеменин жетекчиси да кепилдик бере албай жатат", - деди Асылбаева.