Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБдеги камераларды жеринен көрүп, кымбат видеокамералар орнотулбаганын айтты. Эл өкүлү бул тууралуу SUPER.KG`ге ЖЭБди модернизациялоо боюнча аткаруучу директор Темирлан Бримкулов айткан маалыматтар жалган болуп чыкканын айтты.
"128 камера деп маалымат берилген болчу, иш жүзүндө 123 камера жана бир сервер орнотулуптур. Жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар сарпталган. 123 камеранын ичинен 8 камера атайын даярдалган кымбат камералар. Калган 115 камера жашоо турмушта, кафелерде, өндүрүштө колдонулуп жаткан эле камералар экен.
Мен бүгүн бул камераларды көрүп, ЖЭБдин жетекчилиги берген маалыматтардын бирине да ынанган жокмун. Жалгыз эле ЖЭБдин жетекчилиги эмес, ошол жактагы ТВЕА компаниясынын адистеринин да маалыматын уктум. Камералардын баасы чынында кымбат көрсөтүлгөн", - деди Жамангулов.
Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын 13-марттагы жыйынында жылуулук борборуна алынган видеокамералардын да наркы талкууга алынган. Анда ЖЭБди модернизациялоо боюнча аткаруучу директор Темирлан Бримкулов депутаттарга видеокамералардын базар баасынан 12 эсе кымбат алынышынын себебин дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырылгандыгы менен түшүндүргөн.
Депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген.
Белгилей кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборундагы видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалышы боюнча маалыматты ЖЭБдеги жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов буга чейин айтып чыгып, бул коомдо кызуу талкууга алынган.