Абакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев бир жолу текшерилип, дары жазып берилген бойдон текшерүүдөн өтө элек. Учурда абалы оор, сейилдөөгө да чыгарылбай жатат.
"Ооруган учурда Өмүрбек Текебаев кардиологдун текшерүүсүнөн өткөн. Дарыгерлер 3 ай ичесиң деп бир топ күчтүү дарыларды жазып беришкен. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өттү. Дарыгерлер кайра текшерип, дарылардын ичүү тартиби өзгөрөбү же уланта береби айта элек. Текебаевдин учурда абалы оор, жарым жыл мурун жазып берген дарыларды дагы деле ичип жатат. Дарыгерлерге өзү кайрылган, көңүл коюп текшерүү жасашкан жок, формалдуу түрдө эле текшерип коюп жатышат.
Текебаевге карата басым да болуп жатат. Мыйзам тартиби боюнча абактагылар күнүнө бир жарым саат сейилдөөгө чыгып турушу керек. Текебаевди 15 күндүн ичинде жарым саатка бир жолу чыгарыптыр, учурда 10 күндөн бери сыртка чыга элек. Жубайы жолугуп, абалы учурда жакшы эмес экенин айтты", - дейт Токтакунова.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.