Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин диагнозу белгилүү болду

Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин диагнозу белгилүү болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын SUPER.KGʹге билдиришинче, камактагы саясатчынын анализдери чыгып, анын бир катар оорулар менен жабыркаганы белгилүү болгон.

"Соттолуучу жүрөк тамырларынын атеросклерозу, күрөө тамырдын, карындын үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору болгон гипертония, богок, эутиреоз оорулары менен жабыркайт экен. Азыр ал күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда Улуттук кардиология борборунда дарыланууда, ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз", - деди Сабатарова.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өтүү үчүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылганы маалымдалган.

Былтыр жаз мезгилинде Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
amirrus
2018-08-07 20:38:25
Жонокой жарандар качан олуп калгыча карашбайт,мыйзам баарына бирдей иштебейт экен да бизде.Ушунча Болду уйуно эле жоноткуло эми калганын айыкканда келип отуруп берет...Тообо кылдым тфу тфу
-1
Spartak16
2018-08-07 21:27:33
amirrus,Сенин эмнен короп атат анчалык тообо кылып тфулап ийгидей.Өз үйүндө отурасынбы отура бер да дальше
+12
amirrus
2018-08-08 13:56:25
Spartak16,болуптур кечирип кой дешим керекби сага п эмесби мен озумун оюму айттым
-1
Snejana
2018-08-08 12:51:00
amirrus,Текебаев жонокой жаран эмес. Кыргызстандагы кучтуу саясатчы.
+2
Mikra
2018-08-07 21:37:13
Текебаевге боштондук.болду уже аз убакытта акталат.Кудайым буюрса.оомин.Жеенбеков корпой эле актап койсо болмок.Атамбаевди 6секунтта каматмак.Текебаев чыккан куну камалат Аша.
+17
Aidar151080
2018-08-12 10:26:30
Mikra, Айтканың келси.
0
jalguzum
2018-08-07 22:17:30
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсин!!!
Эч бир жан оорубасын.
Байкуш журогу ооруйт экенда
+16
Kuyoo_bala
2018-08-08 00:07:27
Алла шыпаасын берсин
+11
Benazir08
2018-08-08 01:59:25
Аа бул уже чыгайын деп калыптыр куштуу диагноз коюшуптур. Чыкканы ушул да эми. ХХХ ХХХ Аша башкалар баары эле жок болгону жакшы эле. Биз какшаган мн пайда жок. Эми Омуке Ашаны желкеден кармап салсан эле болду калганы олп кетсин. Соке деле ават иштебей эле атат
+5
admin_media
2018-08-08 11:41:16
Benazir08, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
+1
Meken28
2018-08-08 08:33:27
Chachtary agaryp karyp ketiptirgo
+5
mirkaa5182
2018-08-08 12:10:48
Текебаев Кыргызстанда күчтүү саясатчылардын бири, анын баркына жетпей атабыз, эсен-аман чыгып келишин каалайбыз.
+4
Snejana
2018-08-08 12:49:14
Текебаев чыксын. Кучтуу саясатчы. Аман-эсен чыкса, даалайын ХХХ чиркин.
+5
admin_media
2018-08-08 13:58:31
Snejana, этика нормаларын сактаңыз!
0
okumushtuu
2018-08-08 16:47:24
текебаев деген саясат тануучу
0
Aidar151080
2018-08-12 10:30:44
Акаевтен кийин эле Текебаев президент болуш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан