“Ата Мекен” партиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Башкы прокуратуранын кайра кароодон баш тартуусу боюнча билдирүү таратты. Билдирүү бүгүн, 14-июнда партиянын интернеттеги баракчасына жайгаштырылган.
Билдирүүдө, Башкы прокуратура мурунку баш аламандык жолду улантып, саясатка аралашып жатканы айтылып, өлкөдө саясат өзгөрдү деп ойлошкону айтылган.
“Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы ачылган 5 жагдай боюнча ишти кайра кароодон баш тарткандык президенттин Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сотторго болгон коомдун ишенимин кайтаруу керек деген пикирине каршы келет", - деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле партия Жогорку Кеңештен Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароодон баш тарткан баш прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаеванын кесипкөйлүгүн карап чыгууну суранууда.
Эске салсак, 12-июнда Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча документти кароодон Башкы прокуратура баш тарткан. 22-майда Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылган.