Түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлер тобу Текебаевдин ден соолугун ушул аптада текшеришкен. Бүгүн, 18-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, жакын арада Өмүрбек Текебаевди №47-түзөтүү колониясынан кадимки ооруканага которуу же ошол жерден эле дарылоо чечими кабыл алынары күтүлүүдө. ЖАМКнын чечими дарыгерлердин корутундусуна жараша кабыл алынат.
Буга чейин Жогорку Кеӊештин бир топ депутаттары Текебаевди түрмөдөн ооруканага которуу өтүнүчү менен ЖАМКнын төрагасына кат жолдошкон.
Исхак Масалиевдин айтымында, "Ата Мекендин" лидеринин кан басымы көтөрүлүп жатканы байкалган.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.