2-апрелде Бишкекте Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу депутаттык комиссиянын жыйыны уланууда.
Суроо-жооп учурунда депутат Алмазбек Токторов ("Кыргызстан") келишимдеги беренеге таянып, талаш чыккан учурда Кытайдын Эксимбанкы 386 миллион доллар насыяны тез арада кайтарып берүүнү талап кылышы мүмкүн экенин айтты.
Мындан тышкары, ал кытайлык ТВЕА компаниясы менен болгон келишимди түзүү боюнча суроолоруна так жооп ала албаганына нааразы болду. "Сиздер туура келишим болду деп айтып жатасыздар. Депутаттар да ЖЭБдин жаңылануусу керектигин колдогон. Бирок биз Кыргыз мамлекети менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилени бузгубуз келген жок. Болгону так жооп болбой жатат. Бири-бирине шылтоолоп эле келе жатат, так жооп жок. ЖЭБди жаңылоого кыргыздын намысын ойлогон адамдар аз катышып калыптыр", - деди Токторов.
Эске салсак, быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.