Башкы прокурор: "Мамлекет жыл сайын ЖЭБди оңдоого 400 миллион сом бөлөт"

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берип жатат.

Анын айтымында, жыл сайын ЖЭБди оңдоого мамлекет 400 миллион сом бөлөт. "Кылмыштардын натыйжасында Бишкек ЖЭБи, "Электр станциялары" ишканасына жалпы 89 миллион 699 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Бардык курулуш материалдарынын баасы кымбат көрсөтүлгөн", - деди Жамшитов.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан