Бүгүн, 26-февралда Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда ошол учурдагы өкмөттүн жогорку кызматында иштеген жетекчилер суралып жатат.
2013-жылы Жогорку Кеңеште келишим бекитилген учурда Энергетика министрлигин жетектеген Осмонбек Артыкбаев бул келишимдин кабыл алынышы боюнча кыскача маалымат берди.
“Энергетика, коопсуздук маселеси өтө татаал. Өлкөнүн түндүк тарабын энергетика менен туруктуу камсыз кылуу максатында бул чечим кабыл алынган. Анткени энергетика өлкөнүн түштүгүндө өндүрүлгөндүктөн авариялык жана башка кырдаалдар жаралса, түндүк тарап энергетикасыз калуу коркунучу бар эле. Ошондуктан саясий жетекчилик ЖЭБди жаңылоо боюнча тапшырма койгон, 2010-жылдан кийин бул ишке аша баштаган.
“Электр станциялары” ишканасы ар кандай ишкана, ар түрдүү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бардык ишканалар акчаны накталай төлөм менен ЖЭБди жаңылоо сунушун койгон. Бирок өкмөттө ЖЭБди модернизациялоо үчүн каржы маселеси чечилбегендиктен ишке ашпай турган. Кийин Кытай тарап "Эксимбанк" аркылуу акча берүүгө макулдук берген. Бул сунушту ошол учурда “Электр станциялары” ишканасы киргизген. Кийин “ТВЕА” компаниясы тандалган. Азыр биздин ЖЭБ 300 мегаватт кубаттуулук менен иштеп жатат", - деди Артыкбаев.