Дүйшөнбек Зилалиевдин сотуна күбөлөр толук келбегендигине байланыштуу отурум 8-июнга жылды

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралды.

Анын жүрүшүндө, президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү жолдон өткөндөрдү көзөмөлдөп турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери көрсөтмө беришти. Соттук отурумга күбөлөр толук келбегенине байланыштуу иш 8-июнга саат 09:00гө жылдырылды. Кийинки отурумда дагы үч күбө көрсөтмө берет.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан