Депутат Исхак Масалиев жана Жанар Акаев шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул мыйзам долбоору бир-эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюла турганы айтылууда.
SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.
МОМБЕКОВ: "Бизде партиялар шайланып, анын ичинде адамдар тандалып жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мындай демилгени колдой турганын билдирди.
"Баш мыйзамдын талабы боюнча адамдар шайланууга жана шайлоого укуктуу. Бизде партиялар шайланып, анын ичинде адамдар тандалып жатат. Шайлоо жөнүндө мыйзамда тандоо деген талап кирип калган. Баш мыйзамда партиялар жөнүндө бир дагы сөз жок. Шайлоо кодексинде бул беренелер Баш мыйзамга каршы келет. Андыктан мен Жанар Акаев жана Исхак Масалиев демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун колдойм. Бир адамды колдоп партияга добуш берген учур болот. Ал адам партиядан чыгарылса, анда шайлоочу алданган болуп калат. Шайлоочулар алданбаш үчүн партиянын курамындагы адамдарга добуш берүү туура болот", - дейт Момбеков.
СУРАБАЛДИЕВА: "Активдүү эл өкүлүн тандоого шарт түзүлөт"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мындай демилгени колдоо керектигин айтты.
"Жакшы демилге көтөрүлүп жатат. Анткени коомчулук менен иштеген, активдүү эл өкүлүн тандоого жакшы шарт түзүлөт. Ошондой эле парламентте жаштардын санын көбөйтүүгө чоң кадам болот. Мындай демилгени колдоо зарыл", - дейт Сурабалдиева.
ТИЛЛАЕВ: "Шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорунун зарылчылыгы жок"
Депутат Таабалды Тиллаев бул мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. "Жеке пикирим боюнча, демилгени колдоонун кажети деле жок. Мыйзам боюнча партиядагы ар бир талапкердин тизмеси көрсөтүлгөн. Ал тизмеде бардыгы ачык, так көрсөтүлөт. Элге ансыз деле алардын аты белгилүү болот. Эгер партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш бериле баштаса, алардын атын камтыган бюллетень канча метр болуп калат? Себеби ар партиядан 200гө жакын адамдын тизмеси берилет да. Жаш партиялар чыкпай калат деген пикирлер дагы айтылууда. Ошол эле учурда долбоор кабыл алынса, элге жакшы тааныла элек партия мүчөлөрү өтпөй калышы мүмкүн. Себеби эл шайлоого келгенде, тизмени карап туруп, аты таанылган адамга добуш берип коюшу ыктымал. Ар бир партия тизмеге көрүнүктүү, өлкөдө же өз айылында кадыр-баркы бар кандидаттарды тандап, киргизет да. Андыктан бул мыйзам долбоорунун эч зарылчылыгы жок деп ойлойм" , - деди Тиллаев.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш берген туура болот"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев партияга эле добуш берүү туура болбой жатат деген пикирде.
"Ар бир талапкерге добуш берген туура болот. Партияга добуш бергенде лидер өзү каалаганын, өзү билгенин жасап жатат. Бизге андайдын кереги жок. Партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш бериш керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун депутаттар колдоп, кабыл алышы керек", - дейт Чолпонбаев.
ТУРДУКУЛОВ: "Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бере турган болсо, алар өздөрү ишенген адамды шайлаганга жол ачылат"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул демилгени сөзсүз түрдө колдош керек деген пикирде.
"Мурунку парламенттик шайлоолордо ушундай өзгөртүү киргизилсин деп жарандык коом айтып келген. Бул демилге чыныгы эл өкүлдөрүн парламентке алып келүү мүмкүнчүлүгүн ашырат. Азыркы парламент жеке фирма, бизнес корпорация сыяктуу түзүлгөн деп айтылууда.
Ачык тизме болсо шайлоочу абстракттуу партияга эмес, ишене турган адамына добуш берүүгө жол ачылат. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш берүү сунушун колдоо керек", - дейт Турдукулов.