Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген собол салды.
ЗУЛПУКАРОВ: “Өкмөттүн курамын бекитүүдө президент тарабынан күч колдонулат дегенге кошулбайм”
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров бардык бийлик бутактары тең салмактуу болушу керек деген түшүнүк жок экенин айтты.
"Кыргыз мамлекети парламенттик-президенттик мамлекетке 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынганда өткөн. 2016-жылы Конституция дагы бир жолу өзгөрдү. Ошонун негизинде өкмөттүн, парламенттин, президенттин негизги укуктары аныкталып калды. Бул жерде бардык бийлик бутактары тең салмактуу болсун деген түшүнүк туура эмес. Бүгүнкү күндө өкмөттүн курамын, программасын Жогорку Кеңеш бекитет. Ошондуктан өлкөнүн экономикасына негизги түздөн-түз жооп бере турган орган өкмөт. Мыйзам чыгаруу, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө Жогорку Кеңеш жооп берет. Тең салмактуулук болбойт. Өкмөттүн курамын бекитүүдө президент тарабынан күч колдонулат дегенге кошулбайм. Ар түрдүү сөздөр айтылышы мүмкүн. Парламентте 120 депутат бар. Кээ бир учурда президентке жакпаган министрлер өкмөттүн катарында бар болушу мүмкүн", - деди Зулпукаров.
КАРАМУШКИНА: “Бийликтин үч бутагы бардыгына таасир этүүчү адамга багынууну улантып жатат”
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина коомчулук бийлик бутактарынын функцияларын түшүнүп баратканын айтты.
"Мамлекетти башкаруу системине демократиялык нормаларды киргизүү жакшы жыйынтыктарга алып келди: сөз эркиндиги, бийликти сындоо мүмкүнчүлүгү, мамлекеттик аппараттын жана соттордун ачык-айкындуулугу. Бирок ошол эле учурда терс жыйынтыктар да бар: башкаруунун авторитардык ыкмалары жана жетекчи келесоо болсо да ага баш ийдирүү. Мунун кесепетинен органдардагы прогрессивдүү кызматкерлерден демилгелер жок болуп калды, жумушсуз калуу коркунучу жаралды, эки жүздүүлүк пайда болду. Бийликтин үч бутагы бардыгына таасир этүүчү адамга багынууну улантып жатат. Бирок элибиздин бир бөлүгү бийлик бутактарынын мыйзамдуу функцияларын түшүнүп, алардын аткарылышын талап кылып жатканы жакшы көрүнүш. Жогорку Кеңеш дагы өкмөткө дайыма тапшырма берип, урушуп келүүдө. Депутаттар парламенттик, президенттик бийликтин шарттарында өлкөнүн жана элдин өнүгүүсү үчүн жооптуу экенин дале түшүнбөй жатышат. Демократияны колдоо үчүн өлкөгө келип жаткан гранттык акчаларга бардык бийлик бутактарына сапаттуу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү керек”, - деди Карамушкина.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна биринчи кезекте Конституция күнөөлүү"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүлүп калган деген пикирин айтты.
"Бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна биринчи кезекте Конституция күнөөлүү. Анткени Конституцияда ошентип жазылып калган. Бул туура эмес. Баш мыйзамда бийлик бутактарынын баарын президент басып алышы керек деген сөз жок. Бирок президентке УКМК, Башкы прокуратура, Башкы штабды берип коюу менен президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүп таштаганбыз. Албетте, расмий эмес, жашыруун жолдор менен шарт түзүлгөн. Бул нерсени азыркы келген президент дагы пайдаланып жатат. Мурдагы президенттер дагы пайдаланчу. Ошол президенттердин жолу менен азыркы мамлекет башчы улантууда. Өкмөттү, парламентти, сот бийлигин, жергиликтүү бийликти дагы президент басып алып каалаганын кылып жатат", - деди Жээнбеков.
БЕКНАЗАРОВ: "Тең салмактуулуктун бузулушуна бийлик бутактарында отурган чиновниктер күнөөлүү"
Саясатчы Азимбек Бекназаровдун айтымында, Жогорку Кеңеш, өкмөт жана соттор өз милдеттерин аткарбайт.
"Тең салмактуулуктун бузулушуна бийлик бутактарында отурган чиновниктер күнөөлүү. Өздөрүнүн Конституциялык функцияларын президенттин пайдасына тарттырып жиберген. Жогорку Кеңеш, өкмөт, соттор өз милдеттерин аткарбайт. Конституциялык функцияларын аткарбай президенттин көзүн карап отурушат", - деди Бекназаров.
КАДЫРБЕКОВ: "Конституцияда каралган ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпаса тең салмактуулук болот"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков кайсы бир бийлик өзүнүн ыйгарым укугунан чыгып кеткенде тең салмактуулук жоголот деген пикирин билдирди.
"Эгерде Конституцияда каралган ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпаса тең салмактуулук болот. Кайсы бир учурда бирөө чегинен чыгып кеткенде же башка бирөөнүн ыйгарым укугуна кийгилишип баштаганда тең салмактуулук жоголот. Мисалы, мурункуга караганда азыркы Конституцияда президенттин ыйгарым укугу чектелүү. Азыр тескерисинче, премьер-министрдин ыйгарым укугунда чек жок. Эгерде президент өзүнүн чегинен чыгып аткаруу бийлигине кийлигишип баштаса, өзүнүн партиясы бийликте болсо, ошол аркылуу өкмөттүн курамын курап жатканда кийлигишсе, Конституция бузулуп, иштебей калат. Ошондуктан кийлигишүү болбошу керек", - деди Кадырбеков.
САРИЕВ: "Бийликти тең салмактуулукка келтирүү мүмкүнчүлүгү жок"
Саясий серепчи Марс Сариев бийликтеги тең салмактуулуктун жоктугуна бийликке келүү схемасы да себеп экенин айтты.
"Бийлик бутактары парламент да, өкмөт да азыркы учурда кризисте. Бийликти тең салмактуулукка келтирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул кризис. Абалдын курчуп кетиши президенттен көз каранды болот. Парламенттеги депутаттар кайсы схема менен келишкен? Партиялык тизмеден улам ушундай кырдаал болуп калды. Мында татыктуу кишилер депутат болбой, акчасы көп адамдар депутат болуп калышкан. Ошон үчүн парламент өз ишин жакшы аткара албай кризиске кептелип калды. Өкмөт парламенттик квота менен куралат. Партиялык квота менен келген туура эмес экен. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз эле калды. Өзгөрүү болбойт го. Эми баары жаңы парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Эки жылда дагы даярдык менен алек болушат", - деди Марс Сариев.
Казакбаев: “Депутаттар Атамбаев менен конфликт болуп, экономикалык жакка көңүл бурбай жатышат”
Саясий серепчи Марат Казакбаев бийлик бутактары башка конфликттер менен алек болуп, экономикага көңүл бурбай жатышканын белгиледи.
“Бийлик бутактарынын ар биринин аткара турган иштери жазылуу, баары өз функциясын билет. Мурунку премьер Сапар Исаковдун долбоорлору жакшы болчу. Бирок алар ишке ашпай калды. Балким, азыркы премьер ушундай нерседен коркуп жай иштеп жаткандыр. Депутаттар көбүнчө Атамбаев менен конфликт болуп, экономикалык жакка көңүл бурбай жатышат. Курултайда парламентке начар баа берилгени туура болду. Парламенттик өлкөдө парламент башкарышы керек да. Алар президент эмнени айтса ошону аткарышууда. Бийликке, парламентке өзүнүн бизнесин коргогондор келип жатат. Парламенттин баркы жок болууда. Негизи иштеп жатышат, бирок эл үчүн жаңылык болбой, көрүнбөй жатат”, - деди ал.