КҮНСОБОЛ: Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Өнөктөш мамлекеттер менен соода-сатык, дипломатиялык мамилелерди эске алып, ЕАЭБден чыгыш керек деп айткандан алысмын"

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров ЕАЭБден чыгыш керек дегенден алыс экенин айтты.

"Бир-эки себеп менен ЕАЭБдин өлкөгө пайдасы бар же жок экенин айтуу туура эмес болуп калат. Себеби бул жерде биримдикке кирүүнүн алдында жол картасы түзүлүп, бир топ маселелер коюлган. Ошол мезгилде каражаттын эркин жүрүшү, жарандардын эркин кирип-чыгышы негизги маселе болгон. Мигранттарыбызга карата социалдык жана башка жеңилдиктер бар экендиги талашсыз. Ал жакта биздин 1 миллион жараныбыз эмгектенип жатат. Бир тараптуу карап баа берүү туура эмес. Бүгүнкү күнү вице-премьер-министрге суроо-талаптар коюлду. Орусия жана башка өнөктөш мамлекеттер менен соода-сатык, дипломатиялык мамилелерди эске алып, биримдиктен чыгыш керек деп айткандан алысмын. Бул жерде геосаясат жана башка маселелер бар. Ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Бардыгы көрсөтүлгөн келишимдерге туура келиши керек", - дейт Бакиров.

ТОКТОШЕВ: "ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр биз менен эсептешпей жатышат"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр биз менен эсептешпей жатышат деген пикирде.

"ЕАЭБге кирип, келишим түзүлгөндөн кийин бардык мамлекеттердин шарттары бирдей болот. Бирок биз парламентте көтөрүп келе жатабыз. Евразия экономикалык комиссияда отурган биздин өкүлдөр начар иштеп жатышат. Алар тың болсо бизде көйгөйлөр болмок эмес. Казакстан бизди тоготпой, кааласа чек араны жаап коюшат. Бул туура эмес. Бул жерде өкмөттүн күнөөсү бар. Себеби алар менен тең ата сүйлөшө албай жатат. ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр биз менен эсептешпей жатышат", - дейт Токтошев.

ОСМОНАЛИЕВ: "ЕАЭБге киргендин түйшүгүн көрүп жатабыз"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев убагында ЕАЭБге кирүүгө каршы чыгышкандарын билдирди.

"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат катары ЕАЭБге кирүүгө каршы чыгып, ошондо эле өзүбүздүн бир топ пикирлерибизди айткан болчубуз. Бирок мурдагы президенттин кысымы менен ошол кездеги премьер-министрдин жасалма аргументтерин биринчи орунга койгонбуз. Ошонун түйшүгүн мына көрүп жатабыз. Биздин кошуна мамлекеттер Өзбекстан, Тажикстан ЕАЭБге кирбей койгону менен уткандыгын бүгүнкү күнү ашкерелеп турат. Бул нерсе биздин премьер-министрге эми жеткен болсо, анда бул биздин чоң трагедия. ЕАЭБди таңуулоо менен анын артында чоң саясат тургандыгын биз аңкоолук кылып, убагында байкабай калганбыз. Ал кандай чечилет? Буга абдан чоң саясий эрк керек болот", - дейт Осмоналиев.

МАВЛЯНОВА: "ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарыбыз үчүн жеңилдиктер болуп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарыбыз үчүн жеңилдиктер болуп жатканын белгиледи.

"Менин көз карашым боюнча, 1 миллион жараныбыз Орусияда мигрант болуп жүрүшөт. Мындан улам бул биримдик бизге керек. Мигранттарыбызга жеңилдиктер болуп жатат. Мурда кыйынчылыктар болуп келген. Эгерде терс кадамдарды жасасак, мамлекетке оорчулук жаратып алышыбыз мүмкүн. Экономиканын өнүгүшүнө мамлекеттин ичиндеги эле кызматкерлер себепкер. Ар бир өлкө өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт да", - дейт Мавлянова.

ДҮЙШӨБАЕВ: "ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керек"

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керектигин айтты.

"Премьер-министрдин минтип айтканы таң калыштуу. ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керек. Биримдикке кирип жаткандагы макулдашуулардын баары иштегендей кылуу зарыл. Анан ошого кудурети, дарамети жетпей жатса башка мамлекеттер күнөөлүү эмес да. Өзүбүздүн кемчилигибизди билбей, башкаларга шылтай берген туура эмес го", - дейт Дүйшөбаев.

СУЛТАНБЕКОВ: "ЕАЭБде Кыргыз мамлекети үчүн мыкты шарттар түзүлгөн"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Евразиялык экономикалык биримдикте Кыргыз мамлекети үчүн мыкты шарттар түзүлгөнүн айтты. "Алардын ичинде төрт экономикалык эркиндик, миллиондон ашуун мигранттардын жашоосун жеңилдетүү үчүн патент алынган. Он миңдеген адамдар "кара тизмеден" чыгышкан. Кыргыз өлкөсү 500 миллион доллар грантка жетишип, бүгүнкү күнү кайрадан өнөр жайлар курулууда. Кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүктөрү Орусияда жарактуу. ЕАЭБде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, бирок мамлекет аны пайдалана алабы же жокпу ал мамлекеттердин жетекчилеринен көз каранды. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгүдөй иштешсе, мыкты эле жетишкендиктерге ээ болушмак. Абылгазиев ЕАЭБге эмес, өзүнүн алсыздыгына, билимсиздигине таарынышы керек", - дейт Султанбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан