КҮНСОБОЛ: Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?

Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыкты. "Оштогу айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат. Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр", - деди Акаев.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Кулматовду кызматтан алуу чечими - акмактык"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, өкмөттүн Кулматовду кызматтан алып коюшу туура эмес чечим болгон. "Өкмөттүн Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу чечими аша чапкандык, алабармандык эмес, бул акмактык! Себеби Бажы кызматындагы жыл башынан бери түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү эгемендик алгандан бери биздин өлкөдөгү биринчи жолку эң чоң көрсөткүчкө жетти, пландан ашык 3 миллиард сом алып келди. Бул деген канча деген социалдык объектилер, пенсия, жөлөк пул.

Алмазбек Атамбаев "2017-жылы Бажы кызматынан 10 миллиард сом акча уурдалыптыр" деп бекеринен айткан жок. Эгерде бир кварталда 3 миллиард сом ашык түшүп жаткандан кийин 3 миллиард сомдун уурдалып келгенине күбө болуп калсак, экс-президенттин айтканы чындык болуп калат.

Экинчиден, Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин "Кыргыз өлкөсүнүн бажы системинде чоң уурулук бар, аткезчиликти Ак Үйдөгү аткаминерлер акча жасашат" деген маалыматы да чындыкка дал келип калат. Мына ушундай нерселерди угуп туруп Кулматовду орун басары менен бирге кызматынан алып туруп, кайрадан көшөгө артындагы "серый кардинал" Райымбек Матраимовдун талапкерлери, жакын адамдары келип жаткандан кийин Кыргыз бажысына "Райымбек Матраимов атындагы Кыргыз мамлекеттик бажысы" деп биротоло атын бере бериш керек же болбосо "Кыргыз мамлекетиндеги менчик бажы кызматы" деп менчикке чыгарып бериш керек", - деди Момбеков.

ТОКТОШЕВ: "Бажы тармагындагы жылыш Кулматовдун иши эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин айтымында, Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетиши туура эле чечим болду.

"Кубанычбек Кулматовдун кызматтан алынышы туура эмес болду" деген пикирге макул эмесмин. Эгерде коррупциялык иштерге аралашкан болсо, ал мыйзам алдында жооп бериш керек. Бул адам күмөндүү деп мыйзам алдында жоопко тартылып жатат, укук коргоо органдары өз баасын берет. Биз билбей туруп аны күнөөлөөдөн алыс болушубуз керек, күнөөлүү болсо, анда жооп берет.

Бажы тармагында 4-5 айдын ичиндеги жетишкендикке жеткени ал башка маселе. Ооба, 1 айдын ичинде мурдагы пландан эки эсе көп каражат түшүп калган. Кийинки келген төраганын айтымында, Казакстанда тарифти көбөйтүп койгондо ишкерлер Казакстандан эмес, Кыргыз мамлекетинен өтүп калган, ошол бир ай аралыгында ошондой жогорку көрсөткүч болгон, андан кийин кайра мурунку калыбына түшүп калган. Бажы тармагындагы жогорку көрсөткүч ал Кубанычбек Кулматовдун кылган иши эмес", - деди Токтошев.

КАЗАКБАЕВ: "Кулматовдун кызматтан кетишинде саясий жагдай жок"

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде, Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетишинде саясий түс жок, бул мыйзамдуу эле нерсе.

"Кубанычбек Кулматов Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеген, бажыда иштеди, кийин мэр болду, кайра Бажы кызматына барды. Кандай болсо дагы Бажы кызматында мыйзам бузуулар бар. Кулматовдун кызматтан кетишинде саясий куугунтук деле жок деп эсептейм, себеби андай факт жок. Өкмөттүн Кулматовду жумуштан алышында эч кандай мыйзам бузуу жок.

Кулматовго мектеп боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду, тергөө жүрүп жатат, тергөөнүн жыйынтыгын билмейинче күнөөлүү же күнөөсүз деп айтуу туура эмес", - деди Казакбаев.

ШЕСТАКОВ: "Кулматов Атамбаевге жакын болгону үчүн кызматтан кетти"

Саясий серепчи Игорь Шестаков Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгонун айтты.

"Буга байланыштуу ал жогорку кызматтарды ээлеген. Бишкектин мэрлиги ал үчүн ийгиликсиз болгон. Улуттук банктын төрагалыгы боюнча айтуу кыйын, анткени бул кызматта ал аз эле убакыт иштеген. Бажы кызматынын башчысы болуп, жакшы көрсөткүчтөргө жетишти десек болот. Бул кызматтан Кулматов Атамбаевге жакын болгону үчүн кетти. Ал баарын түшүнүп жаткан, жаңы бийликтин интригаларына аралашкысы келген жок. Учурда Кулматовго кылмыш иши козголгон, мындан улам ал кызматты ээлей албайт. Бул иш эмне менен бүтөрүн күтүп, жыйынтык чыгарыш керек", - деди адис.

Мындан тышкары ал кайсы бир чиновникке баа берүүдө анын көрсөткүчтөрүнө карап баа берүү зарылдыгын баса белгиледи. "Кулматовдун Бажы кызматынын башчылыгына келиши менен бул тармакта коррупция жана аткезчилик жоюлду деп айткан болбойт, бирок ал бул процесстерди төмөндөтө алды. Негизги көйгөйлөрдү ал чечкен жок. Эми Бажы кызматынын жаңы башчысынын ишине карап салыштырыш керек. Коррупция бажыда болгон, мындан кийинки жетекчилердин да бул көйгөйдү чечерине ишениш кыйын.
Биздин жетекчилерибиздин негизги маселелеринин бири – алар кадрлардын кесипкөйлүгүнө эмес, өзүнө же партияга жакындыгына карап кызматтарга дайындап жатышкандыгында. Мисалы, эгер Кулматов Атамбаевге жакын болбогондо, жогорку кызматтарды ээлей алат беле. Эгер өлкөбүздө кадрлар кесипкөйлүгүнө жараша кызматтарга дайындалса, экономикабыз өнүкмөк", - деди Шестаков.

ТОКТАКУНОВ: "Кулматов өз арызы менен кетти, мыйзам бузуу жок"

Юрист Нурбек Токтакуновдун белгилешинче, Кубанычбек Кулматов өз арызынын негизинде кеткен, демек, өкмөт туура эле чечим чыгарган.

"Кубанычбек Кулматов өз арызынын негизинде кызматынан кетти, демек, эч кандай туура эмес нерсе же мыйзам бузуу жок. Кызматтан кеткенден кийин бул жерде саясий жагдайлар бар экенин айтты, андай болсо ал кызматта турган учурда мыйзамдуу жол менен күрөшсө болмок. Кызматтан кетүүсүнө эч кандай себеп болбогон учурда соттошкон учурлар практикада көп кездешет, Кулматов да ошол мыйзамдуу жол менен күрөшсө болмок.

Менин оюмча, Кулматовго айрым маалыматтар жеткиликтүү болгону үчүн ал иштен бошотулуп, андан соң ага кылмыш иши козголгон", - деди Токтакунов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан