КҮНСОБОЛ: Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлдү. Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Абылгазиев өкмөттүн отставкага кетүүсүнө убакыт келе электигин айтты.

SUPER.KG порталы "Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Өкмөттүн отставкага кетүүсү боюнча сунушка кошулбайм"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттү алмаштырганда жыйынтык чыкпай турганын айтты.

"Бул сунушка кошулбайм. Аз эле калды. Парламенттик шайлоо бүтсүн андан кийин жаңы өкмөт келет. 6 айга бир өкмөттү бекиткенден жыйынтык чыкпайт. Азыр жаңы премьер-министр келсе, жумушка киришкенче эле 3 ай өтүп кетет. 3 айдан кийин парламенттик шайлоо башталат", - дейт Бекешев.

КАРАШЕВ: "Өкмөткө жылдын жыйынтыгы боюнча баа беришибиз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев туруктуу иштеген өкмөт керектигин билдирди.

"Өкмөт ордунда турбайт, дайыма жашоо өзгөрүп турат. Бирөө келет, бирөө кетет. Менин жеке көз карашым боюнча, туруктуулукту колдойм. Өкмөт жыйынтык алып келсе жакшы болмок. Өкмөттүн жасаган ишине жараша баа берүү зарыл. Жылдын жыйынтыгы менен баа берилет. Бизге туруктуу, жакшы иштеген өкмөт керек", - дейт Карашев.

МАСАЛИЕВ: "Экономикалык көрсөткүчтөрдүн начар болуп жатканы үчүн өкмөт отставкага кетиши керек деп буга чейин айтып келгем"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев буга чейин эле өкмөт отставкага кетиши керек деп айтып келгенин билдирди.

"Мыйзамдын негизинде өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш бекитет. Булар жол-жобосун таап алып, кадрларды бирден алмаштырып жатышат. Бул туура эмес. Ошол себептен өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени мурда эле айтып келгем. Өкмөттүн курамынын өзгөрүшү үчүн эмес, экономикалык көрсөткүчтөр начар болгону үчүн өкмөт отставкага кетиши керек деп айткам", - дейт Масалиев.

ШАКИЕВ: "Абылгазиевдин өкмөтү алгылыктуу иштей алган жок"

Экс-министр Нурланбек Шакиев азыркы өкмөттүн негизги курамы эки жыл ичинде дээрлик бүтүндөй өзгөртүлгөнүн белгиледи. "Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эле эки орун басары менен өзгөрө элек. Тилекке каршы, ошол өзгөрүүлөрдүн көпчүлүгү натыйжа бере алышкан жок. Таң калыштуусу кайсы министр болбосун жыйынтык көрсөтө албаса да, ошондой эле деңгээлдеги кызматтарга кайра эле ошолорду дайындап жатышат. Кадрлары аябай чабал. Айрымдары министр эмес, райондун акимдигине да жарабайт. Көпчүлүк акимдери айыл башчылыгына араң жарайт. Менин оюмча, май айында Абылгазиев өзү дагы парламенттик шайлоого кетет. Эми эки ай чыдап турушса жаңы өкмөт келет. Ал өкмөт да убактылуу төрт айлык техникалык өкмөт болот. Анан жаңы шайланган парламент жаңы өкмөттү курайт. Андыктан азыркы өкмөттү бүгүн, эртең кетирүүгө болбойт. Деги эле Абылгазиевдин өкмөтү алгылыктуу иштей алган жок. Чабал өкмөт болду. Эч бир заман талабына ылайыктуу ыкчам, заманбап чечимдерди кабыл алган жок. Элдин жашоосунда олуттуу өзгөрүү болгон жок. Деги эле бүтүндөй бийликтин кадр саясаты өтө начар. Иштеп жаткандай түр көрсөткөн бийлик саясаты элдин турмушун оңдой салышы арсар бойдон калууда", - дейт Нурланбек Шакиев.

АСАНОВ: "Азыркы учурда өкмөттү кетиргенден эч нерсе өзгөрбөйт"

Саясатчы Бектур Асанов сапаттуу парламент келгенге аракет кылуу керек деген пикирде.

"Азыркы учурда өкмөттү кетиргенден эч нерсе өзгөрбөйт. Парламенттин абалы ушул. Азыр бир гана нерсеге аракет кылышыбыз керек. Парламенттик шайлоого аз убакыт калды. Сапаттуу парламентке келгенге аракет кылуу шарт. Ошондо гана бир нерсе өзгөрөт", - дейт Бектур Асанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан