Бүгүн, 14-майда саат 14:30да мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук комитетинин сурагына кайра кирди. Мекеменин имаратына кирип баратып, ал "мени камоого негиз жок" деп журналисттерге айтты.
Бүгүн ал саат 10:00дөн 13:00гө чейин суракта болгон. Анда ал суракка кирип баратып, "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Ал эми сурактан чыгып жатып, "депутаттык комиссия адилетсиз чечим чыгарды" деген оюн билдирген.
Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.