КҮНСОБОЛ: ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?

26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталып, бир нече чиновниктер камакка алынган.

Жакында ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыкканы белгилүү болду. Буга байланыштуу "ЖЭБди модернизациялоодо жаралган күмөндүү ишти иликтеген депутаттык комиссия элдин ишеничин актайбы?" деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Иликтөөдө ЖЭБ боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аттары аталат"

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат, аталган комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБ боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы майрамдардан кийин Жогорку Кеңеште жарыяланарын айтты. "Мен комиссиянын жыйынтыгына кол коюп бердим. Депутаттык комиссия бул күнөөлүү деп атай албайбыз, антип айтууга укугубуз жок. Бардык нерсени сот чечет. Биз иликтеп тийиштүү документти тийиштүү органдарга беребиз. Иликтөөдө ЖЭБ боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аттары аталат. Жогорку Кеңешке жооп бере турган бул премьер-министр. Эгер өкмөт башчылардын тиешеси болсо, кызматынан алынат, бирок ал убактагы премьерлердин баары эле кызматынан кетишпедиби. Азырынча "ал депутат минтти, бул депутат минтти" деген туура эмес, аз күндө расмий жыйынтык чыгып калат", - деди Масалиев.

ЗУЛПУКАРОВ: "Депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин чиновниктерге кылмыш иши козголо баштады"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров депутаттык комиссиянын жыйынтыгына жараша парламент тийиштүү органдарга сунуштарын бере турганын айтты.

"Депутаттык комиссиянын корутундусун мен окуй элекмин, комиссиянын чечимин окугандан кийин гана бир нерсе айтсак болот. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көтөрүп комиссия түзүлгөндөн кийин бир топ жогорку кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголуп, аткаруу бийлиги, укук коргоо органдары реакция жасай башташты. Муну депутаттык комиссиянын жыйынтыгы деп бааласак болот. Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл бурганы сезилип турат. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкса, ошого карап биз тийиштүү органдарга укуктук баа бергиле деген сунуш беребиз", - деди Зулпукаров.

УМБЕТАЛИЕВ: "ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия эл күткөндөй жыйынтык чыгарып бере албайт"

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев ЖЭБдеги авария боюнча түзүлүп, иликтеп жаткан депутаттык комиссия ишти ачык-айкын түрдө аягына чыгарбайт деген ойдо. "Себеби дегенде, депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда келишпестиктер болууда, ойлору ар кыл жана комиссия мүчөлөрүнүн арасында да коррупцияга малынган депутаттар бар. Албетте, алар бардыгы ачык айкын иликтенишине кызыкдар эмес, себеби бардыгы байланышта. Ошондой эле ЖЭБди модернизациялоо ишинде чоң кызматтагы адамдар аралашкан. Ушуга окшогон себептерден улам комиссия эл күткөндөй жыйынтык чыгарып бере албайт.

Бул ЖЭБди модернизациялоо иши 2013-жылы эле башталган, ал убакта премьер Жантөрө Сатыбалдиев болсо, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев болчу. Менин оюм боюнча, келишим кылгандар, ТВЕА компаниясын алып келгендер - ушул адамдар.

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги аварияга тиешеси бар адамдардын баарынын атын атаганга милдетүү, "жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси бар” деп эле жыйынтык чыгарып койсо кыянаттык болуп калат", - деди Умбеталиев.

САТЫБАЛДИЕВ: "Депутаттык комиссиянын ишинде саясий кызыкчылыктар бар"

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күнөөлүүлөргө УКМК менен прокуратура гана чара көрө ала турганын айтты. "ЖЭБде авария болгондо эле "бул боюнча мамлекет тарабынан кесипкөй комиссия түзүш керек" деп журналисттерге айткам. Кийин гана баа бериш керек. Өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы, парламенттин депутаттык комиссиясы бул боюнча иш алып барды.

Күнөөлүүлөргө УКМК менен прокуратура гана чара көрө алат. Ошолор гана аттарын атайт. Депутаттык комиссия саясий гана баа берет. Бирок депутаттык комиссиянын ишмердигинде саясий кызыкчылыктар бар экенин көрө алдым. Менин колумда бардык документтер бар. Күнөөм жоктугун далилдей алам. Андан сырткары жаңы курулган агрегаттар жакшы эле иштеп жатат", - деди Сатыбалдиев.

НЫШАНОВ: "Биз саясий баасын бердик, тиешелүү органдар укуктук бааны берет"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат, аталган комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышановдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүү алдында негизги сүйлөшүүлөр ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин учуруна туура келүүдө. "Келишим түзүлүп жатканда документтерге кол койгон алгачкы чиновниктерди белгилеп жатабыз. Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, андан кийинки өкмөт башчылар жана министрлер кол койгон документтер каралып чыкты. ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүү алдында негизги сүйлөшүүлөр Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин учуруна туура келүүдө. Келишимде суроо жаратчу бир нече жагдайлар бар. Мисалы, документте "эгер талаш-тартыш жаралса Кытайдын мыйзамына ылайык чечилет" деген талап турат. "Эмнеге мындай талапка макул болдуңар?" десем, "Кытай ушул талапка макул болсоңор гана карыз беребиз деген" деп жооп беришти. Бирок мындай сүйлөшүүнү тастыктаган бир да документ көрсөтө алышкан жок. Биз саясий баасын бердик, тиешелүү органдар укуктук бааны берет", - деди Нышанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан