КҮНСОБОЛ: Мамлекеттик түзүмдөрдүн бири коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатса, экинчиси чек ара жабык экенин билдирген. Кимисине ишенүү керек?

Бүгүн, 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек арасын жабуу сунушун киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин, министрлик чек араны жабуу сунушун айтканын билдиришти. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Кытай чек арасы, бардык өткөрмө пункттар жабык экенин билдиришкен.

SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатат. Ал эми Чек ара кызматы Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан бери убактылуу жабык экенин билдирген. Эки мамлекеттик түзүмдүн кимисине ишенүү керек?" деген собол салды.

ИСМАИЛОВА: "Коронавирус боюнча ар бир мамлекет чараларын көрүшү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова коронавирус боюнча ар бир мамлекет чараларын көрүшү керектигин айтты.

"Кытайдын Жаңы жылына байланыштуу ар жыл сайын чек ара жабылат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыркы болуп жаткан окуялар боюнча чечим кабыл алды. Коронавирус эл аралык деңгээлдеги оору болду. Буга ар бир мамлекет чараларын көрүшү керек. Биз дагы өз убагында чара көрүп, талаптарыбызды коюшубуз зарыл. Өзүбүз сактанышыбыз керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги чек араны жабуунун мөөнөтү бүтүп калгандыгы үчүн сунушташы мүмкүн", - дейт Исмаилова.

КЕЛДИБАЕВ: "Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматты тактап алса болмок"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Чек ара кызматынын маалыматы расмий болуп эсептеле турганын айтты.

"Менин оюмча, Чек ара кызматынын маалыматы расмий болуп эсептелет. Аталган кызмат чек араны кайтарып турат. Ошондуктан алардын берген маалыматы негиздүү жана туура деп ойлойм. Анткени аларда Кыргыз-Кытай чек арасында кимдер кирип жатат, кандай иштер аткарылып жатканы боюнча толук маалыматтары бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин чек ара боюнча маалыматы болбогондуктан, сунуш берип жаткан го. Алар маалыматты Чек ара кызматынан тактап алышса болмок", - дейт Келдибаев.

АЙБЕК МЫРЗА: "Мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен болгон алакасы начар"

Жарандык активист Айбек Мырза мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен болгон алакасы начар деген пикирде.

"Чек ара кызматына ишенүү керек. Анткени алар чек ара маселесин түзмө-түз карайт да. Бул өкмөттүн ичиндеги команданын ич ара мамилесинин алсыздыгы деп бааланышы керек. Мындай нерсе мамлекеттик мекемелеринин бири-бири менен болгон алакасынын начардыгын билдирет. Ошондуктан эки башка маалыматтар берилип жатат", - дейт Айбек Мырза.

МАМАТАЛИЕВ: "Коронавирусту өзгөчө кырдаалдай эле кабыл алыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чек ара 100 пайыз жабылышы керек деген пикирде.

"Кыргыз-Кытай чек арасы 100 пайыз жабылышы керек. Биз эле эмес Орусия, Казакстан баары жаап жатат. Бул оюнчук эмес. Мындай маселени терең кароо зарыл. Өзгөчө кырдаалдай эле кабыл алыш керек. Бизге өкмөт чек ара убактылуу жабылганы боюнча маалымат беришкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги чек ара толук жабылсын деген пикир билдирсе керек", - дейт Маматалиев.

МАВЛЯНОВА: "Кыргыз-Кытай чек арасы Кытайдын Жаңы жылына байланыштуу жабылган"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова чек ара Кытайдын Жаңы жылына байланыштуу жабылганын белгиледи.

"Бул боюнча так маалыматым жок. Кытайдын Жаңы жыл майрамына карата чек араны жабышкан. Андан кийин премьер-министр ошол мөөнөттү узартууну сунуш кылган го дейм. Чек ара Жаңы жылга карата эле жабылган, коронавируска байланыштуу жабылган эмес", - дейт Мавлянова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан