Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген собол салды.
АКАЕВ: "Бабановго карата дагы бир жаңы кылмыш ишин ойлоп табуу туура эмес"Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айтымында, Өмүрбек Бабановго мурдагы бийлик тушунда козголгон кылмыш иштери эскиргендигине байланыштуу жабылышы керек болчу. "Бабановго карата кайра кандайдыр бир кылмыш ишин ойлоп табуу туура эмес го. Себеби ал президенттик шайлоодо негизги оппоненттердин бири болду. Албетте, саясий оппоненттерди эч ким жакшы көрбөйт. Бабановдун тууганын Финансылык полицияда 5 саат суракка алуу да туура эмес деген ойдомун. Эгер ал мекенинде жүрсө жана ага кандайдыр бир саясий куугунтук болсо, мага жооп берүүгө оңой болмок, бул жагдайда мен толук кандуу жооп бермекмин. Эми Бабановго байланыштуу суроолорго өзү жооп берсе керек”, - деди Акаев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Мурда президентке оппонент болгон адамга карата бийлик тараптан болуп жаткан нерселердин баары саясий куугунтук"
Экс-депутат Равшан Жээнбеков өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын Өмүрбек Бабанов өзү айтышы керек деген пикирин айтты. "Адатта саясий куугунтук деп эки багытта айтылышы керек. Биринчиси сөзсүз түрдө өзү айтышы керек. "Мен саясатчымын, мага карата саясий куугунтук болуп жатат. Саясий көз карашыма, менин ишкерлигиме, кандайдыр бир деңгээлде бийликке коркунуч жаратканыма жараша мага ушундай куугунтук болуп жатат" деп айтышы керек. Тилекке каршы, ал жөнүндө өзү эч нерсе айтпай жатат. Бирок сырттан караган адамга саясатчы катарында мен саясий куугунтук болуп жатат деп айтаар элем. Анткени мурда президентке оппонент болгон, президенттикке талапкер болгон адамга карата анын ишкерлигине, саясий көз карашына жараша бийлик тараптан болуп жаткан нерселердин баарын саясий куугунтук деп айтса болот", - деди Жээнбеков.
Мындан сырткары Өмүрбек Бабановдун окуясы кейс катарында, буга чейин көп байкалбаган бийликтин эволюциясына жана трансформациясына байланышкан маанилүү процесстерди жана көрсөткүчтөрдү ачыкка чыгарганын айтты.
"Биздин жаңы келген бийлик буга чейин "Биз Атамбаевдей, Бакиевдей, Акаевдей эмеспиз. Биз адам укуктарын коргойбуз. Саясий оппоненттерди, демократиялык баалуулуктарды сыйлайбыз" деген белгилерди коомго берип келген. Бирок кечээги Бабановдун окуясын көрдүк. Азыркы бийлик жалпысынан мурдагылардан айырмасы жок. Бардык укук коргоо органдарын, УКМКны, каржы полициясын, милицияны, керек болсо армияны БТРди көчөгө чыгарып "биз бийлигибизди керек болсо бардык күч менен колдонгонго, коргогонго даярбыз" деген белги берди. Бийлик демократиялык багытта өнүгөбүз, тынч митингдерди, сөз эркиндигин сыйлайбыз деп келген. Кечээги окуяда мэрлер, губернаторлор колдорунан келишинче митингдерди ар кандай шылтоолор менен өткөртпөгөнгө сунуш аркылуу коомго, бийликке кайрылышты. Бийлик оппоненттерин кайрадан басканга аракет кыла баштады. Мына ушундан кийин бийликтин коомго берип жаткан белгиси бузулду", - деп кошумчалады Равшан Жээнбеков.
СУЛТАН: "Түшүнгөн адамга Өмүрбек Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болгону даана көрүнүп турат"
Мурдагы элчи Кылычбек Султандын пикиринде, саясий куугунтуктун башында тургандар, ошондой эле кезинде буга кайдыгер караган саясий элита да келечекте куугунтукка кабыларын тарых далилдеп койду. "Түшүнгөн адамга Өмүрбек Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болгону даана көрүнүп турат. Анын 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ошол кездеги жана учурдагы бийликке негизги атаандаш болгонун эске алганда, бул куугунтук өзүнүн катаалдыгы жана жапайылыгы боюнча Өмүрбек Текебаевге болгон куугунтуктан кем калышпайт.
Баса белгилеп кетүүчү нерсе, мындай куугунтуктар Акаевдин мезгилинен бери эле болуп келе жатат жана мындай наадандык иштердин токтой турган түрү жок. Бирок саясий куугунтуктун башында тургандар, ошондой эле кезинде буга кайдыгер караган саясий элита да келечекте куугунтукка кабыларын тарых далилдеп койду.
Эң аянычтуусу, мындай иштердин эбегейсиз чоң запкысы эр-жигиттерин коргой албаган элге, мамлекетке тийет", - дейт Кылычбек Султан.
ЖОРОБЕКОВ: "Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болду дегенден алысмын"
Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Бабанов анын келишин үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпесин деп келбегенин билдирди. "Кандайдыр бир нерселерди божомолдоп айтуу кыйын. Бабанов кайрылуусунда анын келгенин үчүнчү күчтөр пайдаланып, чыр чыгып, эл журттун арасында туруктуулук бузулбасын деген ой менен Кыргыз өлкөсүнө кайтпаганын белгиледи. Ички иштер министрлиги дагы үчүнчү күчтөр провокация жасайт дегендей маалыматтар бар экенин билдирди. Бабановдун кайрылуусунда мамлекеттик күчтөр же башкалар анын кайтып келүүсүнө каршы болуп жатканы боюнча эч нерсе айткан жок. Ошондуктан саясий куугунтук болду дегенден алысмын. Бабанов провокация болуп анын колдоочулары, тарапташтары зыян тартып калышын каалаган жок. Ал киши тосуп алуу митингдерди уюштурбай, жөн жай эле Кыргыз мамлекетине келип калат го деп ойлоп жатам. Бабанов келгенде укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп бергенге даяр экенин айтты. Менимче, Бабановду Текебаев, Жапаровдой кылып камап салганга мүмкүнчүлүк, шарт дагы жок. Учурда кырдаал андай эмес", - дейт Жоробеков.
КЕЛДИБАЕВ: "Бабановдун Кыргыз мамлекетине кайтып келишин бийлик каалаган жок"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Бабановго козголгон кылмыш иштеринин курамында кылмыштын белгилери жок деген пикирде. "Бабановго козголгон кылмыш иштер жасалма. Аны кылмыш жоопкерчиликке тартууга негиз жок. УКМК өкүлдөрү бул ишти жабыш керек. Бирок алар эмнегедир жооп бербей жатат. Ага козголгон кылмыш иши негиздүү болсо Бабановду Интерполго берип, издөө жарыяланышы керек. Бабановдун Кыргыз мамлекетине кайтып келишин бийлик каалаган жок. Президент Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда кээ бир адамдар жеке маселесин элди чогултуп алып чечим чыгарам десе терең жаңылышат дегендей оюн айткан. Мындан кийин Бабановдун Кыргыз мамлекетиндеги кырдаалды, күтүлбөгөн окуялар болуп кетишин эске алып келбегени туура эле болду.
Бабановдун Кыргыз мамлекетиндеги жактоочулары иштебей жатат. Мен алардын өз пикирлерин коомчулукка билдирбей жатканын түшүнбөй жатам. Алар Бабановго козголгон кылмыш иштерди негизсиз деп, жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылышы зарыл", - дейт Келдибаев.
ШЕСТАКОВ: "Азыркы бийлик Бабановдун кайтып келишине кызыктар болуш керек"
Саясий эксперт Игорь Шестаков Өмүрбек Бабанов өлкөгө келип өзүнө козголгон эки кылмыш иши боюнча чекит коюусу керектигин айтты.
"Бул иш ал үчүн эң башкы укуктук маселе. Анын келе турганы логикалык жактан туура. Мени таң калтырганы: митингдерди уюштуруунун эмне кереги бар эле, максаты кандай эле? Митингдерди 2020-жылга чейин өткөрүүгө тыюу салуу Конституцияга каршы келет. Жергиликтүү бийлик коомдун коопсуздугун эске алып чечим чыгарыш керек. Митингдердин айынан Бабановго “Бишкекте абалды туруксуздандыруу аракети” деген айып тагылып, ал башка бирөөлөрдүн саясий оюнунун курманына айланышы мүмкүн эле. Албетте, ал өзү митингдерде баш аламандыктын чыгуусуна каршы. Азыркы бийлик Бабановдун кайтып келишине кызыктар болуш керек, анткени ага мүмкүнчүлүк берип, бийлик шек жараткан кылмыш иштер боюнча өзүнүн калыстыгын көрсөтмөк.
Жалпысынан караганда, Бабановго карата аракеттерди саясий куугунтук деп эсептей албайм. Саясий куугунтук болгон же болбогонун аныктоо үчүн эмнеден улам кылмыш иштери козголгонун эстеш керек. Эгер бул иштерге жетиштүү далилдер менен козголсо, анда суроо жок. Бирок "мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо" боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулган. Демек, далилдер жетишсиз же башка себептер бар. Ал эми мурда эле жабылган иш боюнча Бабановдун туугандары эмнеге суракка чакырылганы түшүнүксүз. Муну саясий басым катары кабыл алса болот", - деди Шестаков.