КҮНСОБОЛ: Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?

Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Эл аралык уюм Жээнбеков кадр маселесинде, мамлекеттик чечим кабыл алуу механизминде, сот реформасында туура эмес иш жасап жатканын көрсөтүп койду"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков уюмдун баасынан кийин Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгы жокко чыкты деген пикирде.

"Президент Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүүсүнө биз эмес, эл аралык уюм баа берип жатат. Бул беделдүү, кадыр-барктуу, терең изилдөө жүргүзгөн уюм болуп эсептелет. Уюмдун баасына ишенүүгө туура келет. Буга биз эле эмес, эл аралык уюмдар, инвесторлор, Кыргыз мамлекетине акча сала турган кадыр-барктуу финансылык уюмдар ишенет. Уюмдун баасынан кийин Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгы жокко чыкты. Анын мурдагы президенттердей эле кадр маселесинде, мамлекеттик чечим кабыл алуу механизминде, сот реформасында туура эмес иш жасап жатканын же болбосо эч кандай иш жасай албай жатканын эл аралык уюм көрсөтүп койду. Бул президент Жээнбековго, анын жасаган ишине берилген эң олуттуу, эң маанилүү баа деп айтсак болот. Мындан кийин анын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айткандары дайыма күмөндүү болуп баштайт", - дейт Жээнбеков.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Президент жанындагы адамдарды көбүрөөк жаңыртса, коррупцияга каршы күрөш жакшы жүрмөк"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коррупцияга каршы күрөштө президент кандайдыр бир деңгээлде жалгыз болуп жатканын айтты.

"Президенттин ураанын куру убада деп айта албайм. Коррупцияга каршы күрөшүүдө жакшы эле иштер жүрүп жатат. Бул күрөштө президент кандайдыр бир деңгээлде жалгыз болууда. Ошондуктан эсепте иш анча көп көрүнбөй жатат. Жанындагы адамдарды көбүрөөк жаңыртса жакшы болмок. Анткени Атамбаевден калган кадрлар көп болуп жатат. Мамлекет башчы элге таянса туура болот эле. Элдин ишенимине кирип, алардын арыз-муңун угушу керек. Ошондо натыйжа болуп, коррупцияга каршы кандай күрөшүп жатканы көрүнмөк. Азыр Атамбаевден калган көп эле адамдар президенттик аппаратта, ИИМде, УКМКда отурушат. Көп маселелер боюнча канча арыздар жазылса деле кылмыш иши козголуп, сотко чейин жетпейт. Мурункудан калгандар коррупцияга каршы күрөштө жолтоо болуп жатат", - дейт Чолпонбаев.

СООРОНКУЛОВА: "Коррупцияга каршы күрөшүү көбүнчө саясий өңүттө болуп жатат"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтуусунда, коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдар болгон жок.

"Коррупцияга каршы күрөшүүдө негизинен анча-мынча адамдар жоопко тартылып жатат. Бирок көбүнчө саясий өңүттө болуп жаткандай. Жалпысынан алганда чечкиндүү кадамдар болгон жок. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыты - коррупциялык шарттарды жоюу. Бул жагынан эч кандай иштер жүргөн жок. Жээнбековдун президенттик кызматка келгенден бери коррупцияга каршы күрөшүү ишинде жылыш болгон жок дегенге мен дагы кошулам. Бир жылда коррупция маселесин чечүү мүмкүн эмес. Ал үчүн кадр маселесин чечүү керек. Мамлекеттик кызматтарга таза адамдар келмейинче, аларга талапты катуу коймоюнча өзгөрүү болбойт. Мындан тышкары Жээнбеков “аткаминерлердин бардыгынын декларациясы текшерилип, мыйзамсыз байыгандар жоопко тартылат” деген жакшы пикир айткан. Тилекке каршы, ал аткарылган эмес. 2017-жылдагы декларациялар текшерилди, бирок андан дагы майнап чыккан жок. Бир гана Дүйшөнбек Зилалиев болду. Анын деле жоопко тартылышы башка иштерге байланыштуу окшойт деп ойлоп калдым", - деди Сооронкулова.

ТУРДУКУЛОВ: "Коррупцияга каршы күрөштүн башталышы болуп жатат, бирок тыңгылыктуу жыйынтык жок"

Жарандык активист Адил Турдукулов белгилегендей, азыркы бийлик дагы мурунку бийликтегидей эле коррупцияга каршы күрөштү эң башкы багыты экенин жарыя салып жатат.

"Менин оюмча, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүүнүн башында турганы туура эмес. Анткени УКМКнын эң башкы максаты терроризм, экстремизм менен күрөшүү болуп саналат. Бул органдын табияты боюнча коррупцияга каршы күрөшкө эч кандай тиешеси болушу мүмкүн эмес.

Азыркы учурда өкмөт УКМКдан, прокуратурадан мынча миллион сом акча которулду деп жарыя кылып жатат. Бул акча кайсы негизде алынган? Балким, туура, түз иштеген ишкерлерден мажбурланып акча алынды, кылмыш иштери эмне болду, эмне себептен ал акчалар алынды деген маалымат ачыкталбай жатканы туура эмес, көмүскө ойлорду жаратат. Батукаевди чыгарып жибергенге 15 орган күнөөлүү деп айтылган болчу. Эмне үчүн ошол учурда иштегендердин бирөөсү дагы жоопкерчиликке тартылбайт? Жакында эле мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Эмне үчүн биздин укук коргоо органдары бул ишти аягына чейин жеткирген жок? Экс-депутат Музаффар Исаков 300 тилке жерди сатып жиберип, шарттуу түрдө гана кесилди бул дагы көп суроолорду жаратууда. "Бажы кызматында жана салык топтоо органдарында коррупция азайдыбы?" деген суроого жарандар "азайган жок" деп жооп берет. Менин оюмча, коррупцияга каршы күрөштүн башталышы болуп жатат, бирок тыңгылыктуу жыйынтык жок.

Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча урааны куру убада деп айтуу кыйын. Жээнбековдун президент болгонуна бир эле жыл болду. Убакыт берилиши керек. Балким, анын бизге айтылбаган пландары болуп жаткандыр", - дейт Турдукулов.

МОЛДАЛИЕВ: "Өлкө башчы убадасын аткарганга аракет кылып жатат. Бирок азыр коррупцияга каршы күрөш болгон жок"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев коррупцияга каршы күрөшүү оңой эмес экенин айтты.

"Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшөм деген убадасын аткарганга аракет кылып жатат. Бирок азыр коррупцияга каршы күрөш болгон жок. Учурда коррупцияга малынган чиновниктер менен күрөш болууда. Алар камалып, айрым сотторго да кылмыш иштери козголуп жатат. Бирок бул процессти коррупция менен күрөш болмоюнча чексиз жасай берсе болот. Бизде коррупция ушунчалык тамырлашып кеткен, бала бакчадан баштап, көрүстөнгө чейин тамырлаган. Коррупция менен күрөшүү оңой эмес.

Ошол эле “Таза коом”, “Коопсуз шаар”, “Түндүк” деген долбоорлор ишке кирбей акырындык менен солгундап жатат. Себеби буга кызыкдар болбогон чиновниктер көп. Жакында мас абалында унаа айдагандар боюнча айып пулдардын көбөйүшүн, шаардын тазалыгын коомчулук туура кабыл алганы менен, ага каршы чыккандар да бар", - дейт Молдалиев.

САРИЕВ: "Коррупцияга каршы күрөш боюнча жылыш болуп жатат, бирок системдүү күрөш болбой жатат"

Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдө футболдо эле жылыш болбосо, башка көрүнүктүү эч нерсе байкалбай турганын айтты.

"Коррупцияга каршы күрөш боюнча жылыш болуп жатат, бирок системдүү күрөш болбой жатат. Айрым жактарда жылыш бар, мисалы, ЖЭБге байланыштуу соттук териштирүүлөр, ошол эле Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кайра тергелиши. Мындай карап көрсөк, коррупцияга байланышы барлардын баары эле Алмазбек Атамбаевге жакын адамдар болуп жатат.

Учурда дагы кандай жол менен барат деп күтүп отурабыз. Бирок системдүү күрөш бар деп айтууга эрте. Жазга чейин жылыш болбосо, жазында бул жагдай менен айрым күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Учурда премьер-министрдин жасаган жумушу деле "экономика кандай акыбалда болуп жатат?" деген суроо жаратууда. Анан, албетте, суроолор жарала берет. Өлкөдө футболдо эле жылыш болбосо, башка көрүнүктүү эч нерсе байкалбайт. Жазында Орусиянын башчысы, андан кийин Кытайдын башчысы учуп келет. Эл ушуга эле алагды болбосо, элдин акыбалы начар эле", - дейт Сариев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан