КҮНСОБОЛ: Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?

Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.

Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бири-бирине көйгөйлөрүн айтып туруусу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюу үчүн Кытай менен биргеликте компьютер менен онлайн түрүндө ордун алмаштыра турган электрондук тараза байланышы болушу керек экенин айтты.

"Бир заматта чек арадан кирген товардын баасы, көлөмү борборго чыга турган болгондо эч кимди эч жерге жолото албайт. Анткени Кытайдан кирген товарлар арзан кирип, биздин рынокко чыкканда баа сакталбай кетип жатат. Ал эми Орусиянын президенти Путин дагы ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине баа бере алат. Себеби биз биримдикке кирдик. Кытайдан келген товар Орусияныкынан же Казакстандыкынан арзан сатылып калышы мүмкүн. Бул товар сатуучуларга тоскоолдук жаратат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бири-бирин алдабоосу керек. Ошондуктан сын-пикир, көйгөйлөр айтылышы зарыл. Ал канчалык ишке ашат, ал башка кеп", - деди Масалиев.

НУРБАЕВ: "Бажы кызматында адам фактору азайганда көйгөйлөр да азаят"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев Бажы тармагындагы көйгөйлөр өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бар деген пикирин айтты.

"Бажы кызматындагы аткезчилик Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан бери келе жатат. Ошону бир жылда эле жоюп, оңдоп жиберүү кыйын. Азыркы күндө ошондой көрүнүштөргө каршы күрөш башталды. Бул бир гана бизде эмес, Орусия, Казакстан менен биргеликте болуп жатпайбы. Бул жерде биздин эле күчүбүз жетпей жатат. Президент автоматташтыруу, санариптештирүү тууралуу айтпадыбы? Бул жаатта да адам факторун азайтуу керек. Бардык нерсени санариптештирсе бул жаатта көйгөйлөр азаят", - деди Нурбаев.

СООРОНКУЛОВА: "Бажыдагы коррупцияны жоюуга бийликтин алы жетпей жатат"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова акыркы жылдары бажы тармагында терс көрүнүштөр күч алганын айтты.

"Алы жетпей жатат, чынын айтуу керек. Акыркы жылдары бажы тармагында эч кандай жылыш болгон жок. Тескерисинче, бажы тармагында терс көрүнүштөр күч алды. Буга чейин Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын коңшу Казакстан айтып чыккан. Мына учурда Орусия тарап да ушул нерсени айтып чыкты. Кандай болбосун ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүчөлүгүнө кирген соң тиешелүү талаптарды аткаруу керек", - деди Сооронкулова.

САРИЕВ: "Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө бажыдагы маселени жоё албасаңар өзүбүздүн чек арачыларды коёбуз деп айтышы мүмкүн"

Саясий серепчи Марс Сариев Бажы тармагындагы көйгөйлөр ЕАЭБдеги бардык өлкөлөрдө бар деген пикирин айтты.

"Бажы тармагындагы аткезчилик боюнча Казакстан тарап да, Беларусь да көтөрүп жатат. Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө маселени жоё албасаңар өзүбүздүн чек арачыларды коёбуз деп айтышы мүмкүн. Бул биздин өлкөнүн суверенитетине таасирин тийгизет. Орусия, Казакстан аткезчилик, көмүскө экспорт бар деп айтып жатышат. Бирок Кыргыз Бажы кызматынын башчысы "бизде аткезчилик жок" деп билдирди. Владимир Путин Кыргыз жерине келгенде да ошол эле аткезчилик биринчи маселе болот. Андан кийин аймактардын коопсуздугу боюнча маселе каралат", - деди Сариев.

МОЛДАЛИЕВ: "Бажы кызматында коррупция ЕАЭБдин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин баарында тең бар"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бажы тармагында аткезчилик Орусияда да, Казакстанда да бар экенин айтты.

"Бажы кызматында коррупция биздин эле өлкөдө эмес, ЕАЭБдин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин баарында тең бар. Ошол эле Орусиянын өзүндө деле толгон-токой аткезчилик бар. Мындай нерсе Казакстанда да бар, ага биздин бир депутаттын катыштыгы бар болуп чыкканы эсиңиздерде болсо керек. Биздин өлкөдө бажы тармагында коррупция бар экенине ал жакта көп жыл иштегендердин биринин "миллион" деп аталышы далил. Жарды кишиге ошого жараша каймана ат коёт, бай болсо ага жараша каймана ат коюлат. Какшыктап миллион деп коюшу мүмкүн, бирок ага негизи бар да. Айта турчу нерсе, мамлекеттин алы жетпейт дейбиз, бирок коррупция менен мамлекет күрөшкөн жок да. Аткезчиликке каршы аракеттер көрүлүп жатат, ушундан улам бир топ адамдар кармалып жатат. Бирок көрүнүктүү жыйынтык болушу үчүн мунун үстүнөн иштөө керек", - деди Молдалиев.

КАДЫРБЕКОВ: "Бажыдагы коррупцияны жоюуга эч кимдин кызыкчылыгы жок"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков Бажы кызматына таза иштеген команданы алып келүү керек экенин айтты.

"Бажыдагы коррупцияны жоймок турсун, аны менен күрөшүү эч кимдин кызыкчылыгында эмес. Болбосо Бажы кызматын азыркы технология менен башкаруу эң оной. Бул жерде туура команда келип, таза иштеген эле кишилер болгондо гана жакшыруу болот. Азыркы бийлик аталган кызматтагы адамдарды кетирүүгө кызыкдар эмес", - деди Кадырбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан