Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты. Ал "шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деп билдирди. Анын бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланып, айрымдары Отунбаеваны сындап жатышса, кээ бирлери коргоп жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Отунбаева "Бишкек шаарынын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деди. Тилинен жаңылдыбы же айткан сөзү орундуубу?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: "Баарыбыз айылдан чыкканбыз. Бөлүнбөшүбүз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков ынтымактуу болуу керектигин айтты.
"Ал жаңылышып айтып жатат. Баарыбыз айылдан чыкканбыз. Негизи ынтымактуу болуп, бөлүнбөшүбүз керек. Бөлүнгөнгө аракет кылуу Кыргыз мамлекетинин келечегине зыяны тиет. Кимдир бирөөнү жаман деп айтпайм, элдин баарын ынтымакка чакырам", - дейт Турсунбеков.
ОСМОНАЛИЕВ: "Роза Отунбаеванын айылдыктар тууралуу айткан сөзү мени шок кылды"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Отунбаеванын айылдыктар тууралуу айткан сөзү ага да катуу тийгенин билдирди.
"Мен Роза Отунбаева сүйлөгөн иш-чарага катышып отургам. Анын минтип сүйлөрүн көпчүлүгүбүз күткөн эмеспиз. Сөзүнөн жаңылды дейин десең андай сөздү бир нече жолу кайталап айтты. Ооруп жатабы дейин десең жакшы эле. Мени кечээ Роза Исаковнанын сүйлөгөн сөзү шок кылды. Же бул киши ичинен дайыма ушундай ойлонуп жүрөбү? Отунбаеванын сөзү мага катуу тийди. Тоонун чокусунда чоңойгон кишимин. Эстонияда илимдин кандидаты, доктору болдум. Андан кийин министр, депутат болдум. Айылдан келгеним үчүн эле экинчи же үчүнчү сорттогу киши болуп калышым керекпи? Абдан капа болдум. Ал өзү деле кабатыр болуп жатса керек. Бул "нормальный" киши айта турган сөз эмес. Чыңгыз Айтматов, Гапар Айтиев, Исхак Раззаков айылдан чыккан. Экс-президенттик макамды алып, кадыр-барктуу деп жүргөн кишинин ушинтип айтканы жаман иш болду", - дейт Каныбек Осмоналиев.
АЙДАРАЛИЕВ: "Отунбаева дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн инсан"
Журналист Асыран Айдаралиев Отунбаеванын айткан сөзү орундуу деген пикирин билдирди. "Отунбаеванын айткан сөзү орундуу эле, анын эмнеси бар экен? Ал дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн инсан. Мен анын ар бир сөзүнө, жасаган кадамдарына жогору баа берем жана түшүнөм. Айылдык экенибиз жалганбы? Ага анчалык теригүүнүн кереги жок, тескерисинче сыймыктанса болот. Ошондой сөздөрдү айтып жолго салып турган адам да керек.
Ал жанагы жылаңач аялды колдоп, туура деген да жок. Сөздү биринчи жакшылап угуп туруп анан ошого жараша чечим чыгарып сүйлөш керек эле. Сүрмө топ айтылган сөздү укпай, көрбөй эле дуулдап, жамандап, жугунду куя берген жакшы көрүнүш эмес", - дейт Асыран Айдаралиев.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Отунбаева айылдыктар тууралуу сөз айтам деп абдан катуу жаңылды"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Отунбаева сөзүнөн жаңылды деген ойдо.
"Анын болгон деңгээли ошол. Өзү эмне асмандан түшүптүрбү? Айылда төрөлүп, чоңойгон кыз болчу. Бүгүн эле мончого түшүп тазарып калыптырбы? Бишкектегилердин 90 пайызы айылдан келгендер. Адегенде адам сыртын эмес, ичин тазалашы керек. Ал сөзүнөн абдан катуу жаңылды. Бул жакшы сөз эмес", - дейт Чолпонбаев.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Дүйнөлүк масштабдагы саясатчы Отунбаеваны сыйлай албай, болбогон тема үчүн талкуулаган туура эмес"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Отунбаеванын сөзү орундуу деген пикирде.
"Роза Исаковна тилинен деле жаңылган жок. Анын сөзү орундуу эле. Башкача түшүндүрүп айтса болмок. Бирок ар ким өзүнүн тилине, пикирине жараша айтат да. Менин капа болгонум лидер, дүйнөлүк масштабдагы саясатчы Отунбаеваны сыйлай албай, болбогон тема үчүн талкуулаган туура эмес. Анын айта турган сөзүнүн төркүнүнүн мааниси түшүнүктүү эле. Баарыбыз эле айылдыкпыз. Ал "айылдан келгендер искусствону жеткиликтүү түшүнбөй жатабыз, маани бербей жатабыз" деген мааниде айтты. Айылдыктар деп айткандан чычалабаш керек. Лидер эжебизди сөздүн төркүнүн түшүнбөй туруп тепкилегенибиз туура эмес", - дейт Токтонасыров.
КУЛУЕВА: "Отунбаеванын айылдыктар тууралуу айткан сөзү одоно катачылык"
Журналист Элнура Кулуева Отунбаева орунсуз сүйлөгөнүн белгиледи. "Отунбаева тилинен жаңылды, бул орунсуз сөз. Ал орусча ойлонуп, кыргызча айтып жаткандан улам, балким, ошондой туура эмес айтылып калды. Бирок мындай түшүнүк жашап жатканы акыркы учурларда өтө байкалган. Бөлүнүү, бирөөнү кемсинтүү түшүнүктөрү пайда болду. Бул сөз экс-президенттин оозунан чыгып калды. Бүгүн жөнөкөй карапайым адам дагы анын сөзүнө катуу реакция кылып жатат. Роза Исаковнанын сөзүн эл айылдыктарды басмырлады деп кабыл алды. Бул сөздү одоно катачылык катары кабылдайм", - дейт Элнура Кулуева.