КҮНСОБОЛ: Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?

Чаткал районунда тургундар алтын казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасынын ишине каршы митингге чыгышты. Буга жергиликтүү жашоочулар менен фирманын ортосундагы тиреш себеп болгон. Бүгүн аталган компания ишмердүүлүгүн токтоткону маалым болду.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири - инвестиция тартуу. Бул зарылчылыкты өлкөнү өнүктүрүү милдетин алган ар бир бийлик айтат. Бирок инвестициялык климат жакшырбай жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы саясий-комдук ишмерлер, эксперттерге "Өкмөт өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жасашы керек болгон кандай иштерди жасабай жатат?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: “Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев белгилегендей, инвестиция тартуу үчүн атайын агенттик түзүлгөн.

“Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги мурда Экономика министрлигинин алдындагы департамент болчу. Кийин өзүнчө премьер-министрдин алдындагы эч кимге баш ийбеген агенттик болуп түзүлгөн. Ал агенттиктин милдети инвестиция тартуу, мамлекетке ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө аталган агенттик инвестицияларды тартуу жолун, механизмин иштеп чыгышы керек. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” деген мыйзам бар. Бул мыйзам инвестиция тартуу үчүн кабыл алынган. Ушунун негизинде ай сайын же квартал сайын тендер өткөрүлүп турса жакшы болмок.
Чаткалда кенге байланыштуу болгон окуя сөзсүз түрдө инвесторлордун келишине тоскоол болот. Ошондуктан мындайга жол бербеш үчүн фирмаларга лицензия берерде коомдук угуу уюштуруп, эл менен акылдашуусу шарт. Мунун үстүнөн дагы түздөн-түз аталган агенттик иштеши керек. Келген инвесторлордун бардыгына шарт түзүп берүү зарыл. Ошондой эле аларды маалымат менен камсыз кылуу шарт”, - дейт Маматалиев.

МАВЛЯНОВА: "Инвестициялык климатты жакшыртууда сот системин ачык-айкындуулукка алып барыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн коррупциялык, бюрократиялык мамлекеттик тейлөөлөрдү кыскартуу керек деген пикирин айтты.

"Менин оюмча, өкмөт бул жаатта багыттуу иш алып барып жатат. Мамлекеттик тейлөөлөрдүн баарын электрондук режимге 2019-жылы өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Бул чоң салым болот деп ойлойм. Бул коррупцияны жокко чыгарат. Бизге көп инвестициялар өнөктөш катары келишет. Сот системин ачык-айкындуулукка алып барыш керек. Күч органдары өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшпөсө бизге чоң инвесторлор келишпейт. Бул дүйнөлүк практикада бар. Алар жергиликтүү миллиардерлерди издешет. Бизде миллиардерлер бар. Байлар дегенде терс кабыл албай, аларга статус берип, ачыкка чыгарып, байлыктарын мыйзамдаштырса инвесторлор кызыгып келет", - деди депутат.

ҮМӨТАЛИЕВ: “Инвестиция тартууда эң негизгиси - коопсуздук”

Эксперт Эмил Үмөталиев инвестиция тартууга керек болгон үч коопсуздукту санап берди.

“Кеп инвестиция тартуунун кайсы бир тармагындагы маселеде эмес, кеп коопсуздукта. Үч коопсуздук сакталса, инвестор өлкөгө өзү келет. Биринчиси - инвестордун өзүнүн коопсуздугу.

Экинчиси - инвестордун капиталынын же акчасынын коопсуздугу. Үчүнчүсү - технологиянын эркин кириши жана анын коопсуздугу.

Биз бул коопсуздуктарды орното элекпиз. ЕАЭБ менен чектелип алып, аларга биз менен иштешүү оор жана кымбат түшүп жатат. Өзүбүз чектелип алганбыз. Орусиянын өнүккөн өлкөлөр менен тирешинен улам биздин да ал мамлекеттер менен мамилебиз суук болуп жатат”, - деди ал.

АКИМОВА: "Бизге инвесторлор келбей, кредиторлор келип жатат"

Экономика боюнча эксперт Нургүл Акимованын пикиринде, өкмөттүк органдар инвесторлорду чакыруудан мурун өлкөдөгү менеджменттин абалын жакшыртуусу кажет.

"Бир нече инвестициялык учурлар бар. Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик соода-өнөр жай тармагында мамлекеттик ишканалар тууралуу документтер топтомун чогултат. Башкача айтканда, каржылоого керектүү документтерди инвесторлорго сунушташат. Инвесторлор дегенде жеке менчик жана өкмөттүн кепилдиги менен келгендерди айтабыз. Бизде бюджет мыйзамга ылайык кепилдик бере албайт, ошондуктан мамлекеттик органдар көбүнчө жеке инвесторлорго кайрылышат. Биздин өлкөгө инвесторлор көп келе беришпейт. Мисалы, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду инвестициялык эмес. Алар коммерциялык банктын ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Бирок фонд негизги капиталга кирбейт. Карызга берет. Пайыздык ченемдери азыраак болушу мүмкүн, ошентсе да карыз бойдон калат.

Инвестициялар менен иштешүү үчүн корпоративдик маданият жогору болушу кажет. Бул коррупцияга, сотторго байланыштуу. Бизде баары ачык-айкын болсо, ишкерлер кирешелерин жашырбаса башка көрүнүш болмок. Өкмөттүк мекемелер, мамлекеттик органдар бизнести кантип иштетүүнүн жолдорун үйрөтүп, менеджменттин деңгээлин жогорулатышканда максаттуу иш жүрүп жатат деп айтсак болмок. Инвестор керек болуп жатса да компаниядагы үлүшүн саткысы келбегендер бар эмеспи. Кептин баары акчанын жоктугунда эмес, потенциалда болуп жатат. Акча алып келишет, бирок эч ким тобокелге салып компанияны сатып албайт да. Эгер компания сатып алса, бул анын иши ийгиликтүү болушуна ишенем деген сөз. Ал эми карызга берсе, компаниясын сатса да мага акчаны кайтарып берет деген сөз да. Бизге инвестор келбей эле, кредиторлор келип жатат", - деди Нургүл Акимова.

САРЫБАЕВ: “Өкмөт ички да, сырткы да инвесторго бирдей тартип орнотушу керек”

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев инвестиция тартууга элдин билим деңгээли да таасир этерин кошумчалады.

“Эң биринчи тартипти өкмөт орнотушу керек. Ички инвесторбу, сырткы инвесторбу айырмасы жок. Мыйзам бузбаса, эч ким инвесторго тоскоол болбошу зарыл. Бирок азыр айылдарда “бул жерди иштеткенге биз уруксат бербейбиз” деп жатпайбы. Жеке, аймактык жана мамлекеттик кызыкчылык болот. 6 миллион жарандын кызыкчылыгы менен бир адамдын кызыкчылыгын салыштырганга болобу?

Ошон үчүн элдин билим деңгээлин, айрыкча юридикалык билимин жогорулатыш керек. Элди дүрбөткөн калп маалыматтарды токтотуу зарыл. Айылындагы кенди казганга уруксат бербеген жаранга ошол жердин чек арасын бөлүп берип коёлу. Кайтара алабы өзү? Бул менен инвестицияга тоскоол болуп жатабыз”, - деди ал.

ЧОРОЕВ: “Кыргыз мамлекетинде фондулук биржа өнүккөн эмес”

Экономист Кубан Чороевдин айтымында, Кыргыз мамлекетинде саналуу гана компаниялар фондулук биржада акцияларын сатат.

“Интернеттин, технологиянын өнүгүшүү менен инвесторлорго инвестиция кылуу жеңил болуп калды. Алар интернеттен баскычты басып, каалаган компанияны анализдеп, инвестиция сала беришет. Кыргыз мамлекетинде болсо фондулук биржа өнүккөн эмес. Бизде саналуу гана компаниялар фондулук биржада акцияларын сатат.

Өкмөт инвестицияны көбөйтүү үчүн фондулук биржада көптөгөн компаниялар акционер болушуна шарт түзүш керек. Жок дегенде биринчи Кыргыз жарандарынын инвестиция салганга мүмкүнчүлүктөрү болсо, кийин тышкы инвесторлорду долбоорлорго тартууга мүмкүнчүлүк болмок”, - дейт Чороев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан