Аскарбек Шадиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Аскарбек Шадиев Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-ноябрда БШКнын басма сөз өкүлү Анарбек Абазбеков тастыктады.

Ал эми БШКнын бүгүнкү жыйынында анын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп "Бир Бол" фракциясынан кийинки тизмеде турган Эрмамат Тагаев катталып, мандат берилди.

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча да кылмыш ишин козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. Учурда ага байланышкан кылмыш иш сотко өтүп, отурум 5-ноябрга белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан