Бишкек ЖЭБ боюнча иликтөөнүн корутундусуна кол коюудан баш тарткан депутат: "Позициямды өзгөрткөн жокмун"

Бүгүн, 7-майда Кытайдан алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоодо пайда болгон күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын жабык жыйыны өттү. Анын мүчөсү депутат Акылбек Жамангулов буга чейинки позициясын өзгөртпөгөнүн журналисттерге билдирди.

"Буга чейин комиссиянын корутундусуна кол койгон эмесмин. Бүгүн да позициямды өзгөрткөн жокмун. Эртең депутаттык комиссиянын акыркы жыйыны болот. Калган маалыматты комиссиянын төрагасы айтып берет", - деди Жамангулов.

Айта кетсек, 2-майда ЖЭБ окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна анын айрым мүчөлөрү кол коюудан баш тартышканы белгилүү болгон. Мисалы, депутат Алмазбек Токторов корутунду ЖЭБдеги кырдаалга күнөөлүү жетекчилерди актагандай жазылып калды деген пикирин айткан. Сунушу корутундуга кирбей калгандыктан документке кол коюудан баш тартканын Акылбек Жамангулов да айтып чыккан. Дал ушул депутат ЖЭБди жаңылоодо кадимки видеобайкоо жүргүзүүчү камералар 14 миӊ доллардан алынды деп жазылганын, бул баалар базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн айтып чыккан эле.

Бүгүн аталган комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Сайдулла Нышанов комиссиянын бардык мүчөлөрү комиссиянын жыйынтыгы менен макул болуп жатат деп айткан эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан