Депутат Кожобек Рыспаев: "Бишкек ЖЭБи миллиондогон долларга долбоору жок жаңыланган"

Бүгүн, 30-январда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев аталган ишкана 386 миллион долларга долбоору жок оңдоп-түзөөдөн өткөнүн ачыктады.

“ЖЭБди оңдоп-түзөөгө каршы эмеспиз, бирок баары жол-жобосу менен болсун да. Техникалык экономикалык түшүндүрмөсү жок, долбоор жок, кредитке келген акчага курулуп калды. Техникалык түшүндүрмөсүн көрөлү. Каражатты мыйзам жолунда алалы. Курган компаниянын тажрыйбасын карап көрөлү. Маселенин баары анын кандай жол менен курулганында болуп жатат”, - деди Рыспаев.

Депутат Эмил Токтошев жылуулук төмөндөгөндөн баштап, эл арасында Бишкек ЖЭБине келген каражат максатына жетпей калды деген күмөн ойлор жаралып жатканын айтты.

“Мунун баарына кайдыгерлик күнөөлүү. Астанада 45, Алматыда 30 градус суук болду. Ал жакта ЖЭБ жакшынакай эле иштеп жатат. Бизде чаң, май болуп эски ЖЭБ түтөп турат. 386 миллионду биз төлөйбүз, биздин балдарыбыз төлөйт. Жакында биз, депутаттар баарын көтөрөбүз. Компания туурасында да маалыматтардын баары көтөрүлөт. Эл коркуп жатат, кайра суук кайталанса абал эмне болот деген тынчсыздануу бар”, - деди Токтошев.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Бүгүн Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан