КҮНСОБОЛ: ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялады. Буга чейин депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү корутундуда тиешелүү аттар ачык айтылбай калганын белгилеп, корутундуга кол коюудан баш тартышкан. Андан кийин 2 ирет өткөн депутаттык комиссиянын жабык жыйынынан соң каршы депуттардын сунушу колдоо таап, ЖЭБдеги күмөндүү жагдайга тиешеси бар бардык адамдардын аты корутундуга кошулары белгилүү болгон.

ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чын эле тиешеси барлардын аттарын ачык атап, андан кийинки тиешелүү иштер жүргүзүлөбү же "карга карганын көзүн чукубайт" болуп, иштер жабылып калабы деген негизде SUPER.KG порталы собол салды.

ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?

АБДЫРАХМАНОВ: "Депутаттар эч качан бири-биринин "көзүн чукубайт"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде депутаттар эч качан биринин айыбын бири ачпайт. "Мен жыйынтыкты көрө элекмин. Авторитардык бийликте коррупциясыз жашоо болбойт, бардыгы коррупция. Себеби дегенде систем туура эмес. Мен убагында бул "афера" деп айтсам, болбой 30га жакын депутат Гонконгго барып ойноп келишкен, 5 жылдыздуу мейманканада жатып белектерин алышкан. Депутаттар эмне иш кылбасын бирин-бири жактай берет, алар эч качан "биринин көзүн бири чукубайт", - деди Абдырахманов.

КАДЫРБЕКОВ: "Кредит алуудагы коррупциялык иш боюнча да изилдөө башталышы керек"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков кол койгон гана адамдарды эл алдына алып чыгып коюу менен маселе чечилбейт деген пикирде. "Депутаттык комиссиянын буга чейинки чыгарган маалыматына таянсак, комиссиянын максаты эмне экени түшүнүксүз болуп жатат. "ЖЭБди модернизациялоо жана кредит алуу керек беле" деген суроо менен "ЖЭБге алынган кредиттин жарымы сол чөнтөккө кирип кетти беле" деген суроону бөлүп караш керек деп ойлойм. Ошондой эле ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия түзүлүп жатканда "ЖЭБде модернизация болуп жатканда эмнеге шалаакылык болгон? Эмнеге баасы кымбат кеткен?" деген суроолор коюлган. Депутаттык комиссия ушул суроолорго толугу менен жооп бериш керек. Бул жерде кол койгондорду эле таап туруп, элге салып берип койгону туура эмес деп ойлойм, себеби бир жыйынтык чыкпай калат.

Экинчиден, ошол убакта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун президентке кат жазганы жана ошол кездеги президент өкмөт мүчөлөрүнө түздөн-түз буйрук бергени мыйзамга туура келбей турган нерсе. Энергетика, ЖЭБ, кредит алуу маселелери президенттин милдеттерине кирбейт. Кредит боюнча экс-президент өзүнө жакын белгилүү бир топ менен жасаган операциясына жана формалдуу түрдө эле тийиштүү министрлер кол койгону болбосо, бардык ишти өзү чечип жатканына саясий баа берилиши керек, жоопкерчилиги да бар. Депутаттык комиссиянын логикасы менен кетсек, кол койгон гана формалдуу тиешеси бар адамдарды элге салып бере турган болсо, анда 5-чакырылыштын депутаттары да бул долбоорду ратификациялаган, бул кредит алынгандан кийин ТВЕА менен тендерсиз макулдашуу болгон. Андай болсо көзөмөлдөө органдары иш козгошу керек. Ошондуктан бул жерде кредит алуудагы коррупциялык иш боюнча да изилдөө башталышы керек", - деди Кадырбеков.

МОМБЕКОВ: "Аткаруучулардын аты аталып, башкаруучулардын аты аталган жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун пикири боюнча, бул жерде саясий кызыкчылыктар бар, чыныгы тиешелүү адамдардын аты аталбай жатат. "Бул жерде чылкый саясат бар, аткаруучулардын аты аталып, башкаруучулардын аты аталган жок. ТВЕА менен келишимге барган адамдар жогору жакта турушкан, бүгүнкү күндө камалгандардын бардыгы аткаруучулар, алар эч нерсени чече алган эмес, жогору жактан кандай буйрук болсо, ошонун негизинде иш алып барышкан. Тилекке каршы, 7 адам камалып жатат, чыныгы чындыкты башка жактан көрүп турам. Келишимге өкмөттүн аппаратында иштеген юридикалык бөлүмдүн башчысы, ошол кездеги экономика министри, тышкы иштер министри каршы болсо дагы ушундай келишим орун алган. 30дай адамдын тизмеси аздык кылат, бул жерде саясий кызыкчылык бар", - деди Момбеков.

ӨМҮРКУЛОВ: "Көп акчанын аркасында көп эле киши турат"

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов каражаттын кайда кеткенин иликтеп, саясий баа берүү менен калган ишти укук коргоо органдарына өткөрүп, иштин аткарылышын талап кылуу керектигин айтты. "Бул жердеги маселенин бардыгы кредиттик каражатты кантип колдонгон, максаттуубу, пайдалуубу же бөлөк булактарга кеттиби деген нерседе. Бүгүн ачык-айкын изилдеп туруп чекит коюш керек, бул чоң акча, кийин кайра төлөп беришибиз керек. Терең ойлонгон кишиге бул акчанын баары кийин тарифтерге түшөт, тариф аркылуу ар бир жаран төлөөгө туура келет. Ошондуктан акча кайда кетти, кимдин күнөөсү бар, эмне үчүн ошол кезде ошондой чечим кабыл алынган, артында ким турганын ачыкташ керек. Биз саясий баа беребиз, калган ишти укук коргоо органдарына тапшырып, иликтеп чыгышына мөөнөт берип талап кылабыз. Иликтөөдөн кийин дагы башка адамдардын аты аталышы мүмкүн, көп акчанын артында көп эле киши турат да", - деди Өмүркулов.

МАСАБИРОВ: "Мамлекеттик иштерде өз кызыкчылыгыбызды алыс коюшубуз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров кимдин кандай күнөөсү бар экенин сот чечерин айтты. Мамлекеттик кызматтагылар элдин кызыкчылыгын алдыга коюу керек деген ойдо. "Депутаттык комиссиянын корутундусундагы тизмеде саясий кызыкчылык болгону же болбогону суроо-жооптон кийин белгилүү болот. Депутаттык комиссия өз кызыкчылыгын кошпошу керек. Эгер өз кызыкчылыгын корутундуга кошуп жиберген болсо, ал билинет. Депутаттар, мамлекеттик иштерде өз кызыкчылыгыбызды алыс коюшубуз керек. Эл бул маселени күтүп жатат, ошондуктан элдин кызыкчылыгы алдыңкы орунда туруш керек. Мен тизмени карап чыктым, ким кандай кошулганын, себептерин депутаттык комиссия өздөрү айтат. Ал эми кимдин кандай күнөөсү бар экенин сот чечет", - деди Масабиров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан