КҮНСОБОЛ: Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?

17-майда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өттү. Анда өлкө башчы жарандардан келген даттанууларынын көбү сотторго байланыштуу экенин билдирди. Мындан улам Жээнбеков соттук реформаны тездетүүгө чакырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө болорун убадалады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.

ШАЙНАЗАРОВ: "2019-жылдан тарта өлкөдө жашоо турмуш өзгөрөт"

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер толук иштеп баштап, Кыргыз мамлекетинде жашоо турмуш өзгөрөрүн айтты.

"Соттук реформа жакшы жүрүп жатат же жаман жүрүп жатат дегенден алысмын. Биз жаңы кодекстерди кабыл алганбыз. Ал кодекстер 2019-жылдын 1-январынан тарта толук иштеп баштагандан кийин Кыргыз мамлекетинде жашоо турмуш өзгөрөт.

Азыр милиция, сот, прокуратура кызматкерлерин окуудан өткөрүш керек. Алар өздөрү билбесе, элди кыйнап коюшат да. Каржы маселеси чечилген эмес. Ошондуктан эл аралык уюмдар прокуратуранын ар бир кызматкерин окуткула деп 150 доллардан төлөп берип жатат. Канча деген жумуш турат, биз кечигип жатабыз. Ошондуктан даярдык маселеси бар", - деди Шайназаров.

БЕКЕШЕВ: "Сотторду окутуу жакшы болбой жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев экономикалык иштерди караган сотторго өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты. "Мисалы, ошол эле экономикалык иштерди караганда сотко миллиондогон акчалар боюнча арыздар түшөт. Биз ошон үчүн экономикалык иштерди караган сотторго өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Алар да Бажы кодекстерин, ЕАЭБ нормаларын жана башка тийиштүү нерселерди жакшы билиши керек.

Бизде судьяларды окутуу процесси жакшы болбой жатат. Азыркыга чейин башталышы керек эле, тынч болуп калды го. Президент кечээ соттук реформанын жүрүшүн өзү көзөмөлгө алам деп айтты. Президент айткандан кийин мүмкүн жумуштар улантылып баштайт. Бул жерде саясий эрк бар дегенибиз менен бир киши сөзсүз өзүнө жоопкерчиликти алып, пландарды коюп башында турушу керек да", - деди Бекешев.

БАКИРОВ: "Соттор бирөөнүн капчыгын карабашы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров сот реформасы боюнча маселе 2010-жылдан бери эле айтылып жатканын эскертти. "Ал кезде президент тарабынан жумушчу топ түзүлүп, аракеттер башталган. 2015-жылы реформанын бири катары Конституция өзгөргөндө тартип комиссиясы конституциялык орган болуп түзүлүп, курамы бекитилген. Туура эмес чыккан чечимдерди кайра карап чыгууда алардан да үмүт чоң. Тартип комиссиясы жокко чыгарып же чара көрө алат. Саясий эрк жетишкен жок деп толук айта албайм. Аракет болуп жатты.

Президенттин "ай сайын чакырып өзүм көзөмөлгө алып турам" дегендиги ишти күчөтөт. Мамиле өзгөргөнү байкалып турат. Жумушчу топтун пикирин угуп президент тараптан кандай колдоо керек болсо ачык-айкын колдойм деген ишаратты көрсөттү. Соттор көз каранды болбошу керек. Бирөөнүн капчыгын карабашы керек. Чечимди мыйзамдын негизинде кабыл алышы керек", - деди Бакиров.

САБИРОВ: "Соттук реформаны сот өзү жүргүзүш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров соттук реформаны ишке ашырууда Жогорку Кеңеш, өкмөт жана коомчулук катышуусу зарыл экенин белгиледи.
"Ачыгын айтканда, мурдагы президенттин убагында сот реформасы боюнча комиссия түзүлүп, бир топ иштер аткарылды. Соттордун буга чейинки алып келген мыйзамдарынын көбү президенттин астындагы комиссияда каралган. Кийинкиси ушул жылдын апрелинде өтмөк. Бирок токтоп калган.

Соттук реформаны сот өзү жүргүзүшү керек. Президенттин астындагы сот реформасы боюнча иш-чаралар жүрүп жаткандан кийин аны да карап чыгыш керек. Ага Жогорку Кеңеш, өкмөт жана коомчулук катышуусу керек", - деди Сабиров.

ЖУНУС уулу: "Текебаевди жок жерден камап коюшту"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу буга чейин соттук реформага саясий эрк жетишип, бирок бир тараптуу болгонун айтты.

"Мисалы, тандалма жолу менен коррупцияга каршы күрөш болду. Жок жерден "Маевский акча берди" деп Өмүрбек Текебаевди камап коюшту. Себеби Текебаев ошол эле ЖЭБ боюнча, Дача-СУ боюнча маселелерди көтөрүп баштаган. Жакпаган адамдарды куугунтуктоо болгон. Соттордун баары Ак Үйдүн 7-кабатын карап калган. Кечээ да сот "саясий эрк керек, биз мыйзам чегинде иштеп беребиз" деп айтканын көрдүк. Ошондуктан мен саясий эрк биринчи кезекте керек деп ойлойм. Мыйзамдарыбыздын баары эле туура", - деди депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан