КҮНСОБОЛ: Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.

ОРМОНОВ: "Бакиев тууралуу даректүү тасма коммерциялык негиздеги буюртма"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бул эч кандай актоо кампаниясы эмес деген пикирде.

"Кайсы бир телеканал Атамбаевди көрсөтүп жатса, аны актоо кампаниясы болуп эсептелеби? Тасманы көрсөтүү Бакиевдин 70 жылдык мааракесине карата коммерциялык негиздеги буюртма болгон. Менчик канал акча табайын деген ойдо чыгарса керек. Бул эч кандай актоо кампания эмес", - дейт Ормонов.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Өлкөдө Бакиевдин маалындагыдай урук-тууганга, ишенген адамдарга таянган мамлекеттик башкаруу системи орноп келе жатат"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда өлкөдө Бакиевдин доорундагыдай башкаруу системи орноп жатат деген пикирде.

"Менимче, өлкөдө Бакиевдин доорундагыдай мамлекеттик башкаруу саясаты жарала башталды. Урук-тууганга, бир туугандарга, кудаларга, бажаларга, ишенген адамдарга таянган мамлекеттик башкаруу системи орноп келе жатат. Ушул нерсе өзгөчө чөйрө жаратты да, Бакиевдин маалындагыдай критерийлер ишке аша баштады. Билимсиздик, алсыздык, тууганчылык, трайбализмге окшогон маанилүү көрсөткүчтөр мамлекеттик башкарууга сиңди. Ошонун бардыгы эки нерсеге түрткү болду. Биринчиден, Бакиевдин маалында иштеген адамдар укук коргоо органдарына, прокуратура, УКМКга кайтып келишти. Экинчиси, соттолгондор акталышты. Азыр болсо баары биригип Бакиевди актоо, пропагандалоого багыт алышты", - дейт экс-депутат.

КАЛМАМАТОВ: "Менчик каналдар акча берсең эмне болсо да көрсөтө берет"

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов даректүү тасманы менчик эки канал акча үчүн гана чыгарды деген ойдо.

"Бакиевди актап жатат деген туура же туура эместигин билбейм. Менин билишимче эки жеке каналдан Бакиевдин 70 жылдыгына карата тартылган тасма көрсөтүлгөн. Бул даректүү тасманы ЖМКлардын ичиндеги формасы жеке менчик эки телеканал гана көрсөттү. Менчик канал болгондо аларга акча берсең эмне болсо да көрсөтө берет. Бирок бул жакта моралдык жоопкерчилик деген түшүнүк бар, аны каналдын жетекчилери жакшы түшүнүшөт. Бул тасма мамлекеттик теле-радио же гезиттерден кеткен жок, демек, мен муну акча үчүн гана чыгарды деген ойдомун", - дейт экс-депутат.

МИСКЕНБАЕВ: "Бакиевди актоо кампаниясы бир жыл мурун эле башталган"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, Бакиевди актоо аракеттери жүрүп жатат.

"Бул бир жыл мурун эле башталган. Булар Бакиевди актаганга аракет кылып жатат. Эки телеканал Бакиев тууралуу даректүү тасманы көрсөтүүдө. Ошол телеканалдардын бардыгы Жээнбековдорго караштуу деп уккам. Мунун баары Бакиевди реаблитация кылуу аракети. Бир жыл мурун Бакиевдин заманын алып келдик деп айткам", - дейт Мискенбаев.

ШАКИЕВ: "Бакиев тууралуу даректүү тасмада эч кандай саясат жок"

"НьюТВ" телеканалынын жетекчиси Нурланбек Шакиевдин айтымында, даректүү тасма эч кандай актоо же жактоо кампаниясы эмес.

"Мында эч кандай саясат жок. Даректүү тасмада тек гана Бакиевдин балалык, окуучулук мезгили айтылыптыр. Аны Бакиевдин классташтары даярдашыптыр. Ага биздин каналдын эч катыштыгы жок жана телеканалдын көз карашын билдирбейт. Биздин канал бейтараптуулукту карманып келет", - дейт Шакиев.

ТУРДУКУЛОВ: "Элдин маанайын алдын ала байкап көрүү аракети болууда"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, мындай материалдар бийликтин уруксаты жок чыгарылбайт.

"Бир даректүү тасма менен кандайдыр бир актоо болуп жатабы же жокпу так айтуу кыйын. Бул жерде көпчүлүк менчик канал сюжетти өзү чыгарды деп ойлоп жатышат. Менин оюмча, мындай материал бийликтин уруксаты жок чыгарылбайт болчу. Даректүү тасманы чыгаруу менен элдин маанайын алдын ала байкап көрүү аракети болду деген ойдомун", - дейт Турдукулов.

АКМАТАЛИЕВ: "Араң турган жараны кайра ырбатпагыла. Кыргыз өлкөсүнө мунун кереги жок!"

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев туулган күндүн шылтоосу менен чыккан телеберүүнү регионалдык тирешүү максатында колдонулуучу саясий күчтөр четинен чыгышы мүмкүн деген пикирде.

"Кыргыз өлкөсүндөгү айрым каналдар Курманбек Бакиевдин туулган күнүн шылтоолоп, аны мактап-жактаган телеберүүлөрдү эфирге чыгарды. Негизи бул жышаан туура эмес деген ойдомун. Бакиев Кыргыз Республикасынын соту менен соттолгон адам. Өтө оор кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Сөз эркиндигине жамынып алып бул маселени козутуп, кайра жандандырганы ал режимди актоого аракет деп бааланат. Бул болсо сөзсүз түрдө коомдогу чыңалууга алып келери айдан ачык. Аталган маселени регионалдык тирешүү максатында колдонулуучу саясий күчтөр четинен чыгат. Ошол үчүн бул телеканалдардын кожоюндарын, журналисттерин жоопкерчиликке чакырар элем. Араң турган жараны кайра ырбатпагыла! Бул чоң жаңжалга алып барчу, жоопкерчиликсиз, кара өзгөй, эл бузар саясат болуп калат. Кыргыз өлкөсүнө мунун кереги жок!" - дейт Акматалиев.

ҮМӨТАЛИЕВА: "Бакиевди актоо кампаниясынын башталганына бир күн болгон жок"

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, Бакиевди актоо кампаниясы көптөн бери эле жүрүп жатат.

"Көптөн бери эле Бакиевдин жактоочу топтору ой-пикирлерин айтып, аны актоо процессин жүргүзүп жатат. Бирок мурунку 2010-2011-жылдары элдин каны кайнап турган мезгилде бул маселени көтөрүү жеңил эмес болчу. Тарыхый оор мөөнөтү өткөндөн кийин бул процесс башталган. Башталганына бир күн болгон жок, 3-4 жылдан бери жүрүп жатат. Өзгөчө активдүүлүк акыркы мезгилде маалымат каражаттарында пайда болду. Бизде сөз эркиндиги бар, тыюу сала албайбыз. Шайлоого карата лобби топтор пайда болгонун көрүп жатабыз", - деди Үмөталиева.

ИСАКОВ: "Бакиевди телеканалдардан жайма-жай жарыялай баштоонун бир канча себеби бар"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков бул аракеттер коомчулуктун реакциясын текшерүү үчүн атайын жасалган аракет деген ойдо.

"Курманбек Бакиевди телеканалдардан жайма-жай жарыялай баштоонун бир канча себеби бар. Биринчиси, анын курагы, юбилейи маалыматтык жактан шылтоо. Экинчиси, 2010-жылкы Конституциялык болбогон жол менен болуп өткөн бийлик алмашуунун максаттары ишке ашкан жок. Ошондуктан бардык нерсени эске салуунун эң ыңгайлуу убагы келди деп чыгып жатышы толук мүмкүн. Үчүнчүсү, Бакиевдердин тарапташтарына өздөрүн көрсөтүп, мурдагы жетекчилерине дагы деле лоялдуу болгондорун баса белгилөө аракеттери болушу мүмкүн. Ал эми төртүнчүсү, бул рейтинги түшүп кеткен бийликтин фонунда коомдун реакциясын текшерүү аракети дагы болушу ыктымал", - дейт Исаков.


кошулду
Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан