Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев "Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу" мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоору референдум өткөрүп, жарандар президенттик республиканы же парламенттик республиканы тандап алуусуна багытталган. Зулушевдин бул демилгеси коомчулукта кызуу талкууланып жатат.
SUPER.KG порталы "Депутаттардын бири күзүндө парламенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрөлү деп мыйзам долбоорун талкууга койду. Парламенттик башкарууну көздөй бараткан Кыргыз өлкөсүн мындай референдум кайра артка, президенттик башкарууга алып кетпейби?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Келечекте 100 пайыз парламенттик башкарууга өтүү керек"
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров келечекте 100 пайыз парламенттик башкарууга өтүү керектигин айтты.
"Бул демилгени Курманкул Зулушев өзүнүн конституциялык мыйзам чыгаруу укугун пайдалануу менен алып чыгып жатат. Ал мындай демилгесин буга чейин эле айтып келген. Менин оюм боюнча, биз туруктуу позицияны карманып, ошол позиция менен башкаруу системи менен алдыга жылышыбыз керек. Жаманбы, жакшыбы 2010-жылы биз референдум менен парламенттик-президенттик башкаруу системин кабыл алганбыз. Бүгүнкү күнү кабыл алган систем иштеп жатат. Өткөөл мезгилде мүмкүн ошол туура чечим болгон.
Менин оюмча, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өзүнчө өтүш керек. Мамлекет башчысы дагы келечекте 100 пайыз парламенттик башкарууга өтүш керек деп айтып келет. Талкуу болуп, андан кийин гана 100 пайыз парламенттик башкаруу системине өтсөк туура болот деген ойдомун. Биз эки жолку ыңкылап же революциянын кесепеттерин башыбыздан өткөргөнбүз. Эл аралык мамиледе, эл аралык аренада ар бир мамлекетте туруктуу позиция болуш керек. Толук жоопкерчиликти ким алат? Келечекте эки партия коалициялык көпчүлүктү түзүп, мамлекеттин келечегин аныктап, башка маселелерди колго ала турган болсо, өкмөттүн курамын түзүп, программасын бекитип, саясий жоопкерчиликти алып, алдыга жыла турган болсо, туруктуу өкмөт, бекем коалиция, жоопкерчиликтүү парламент болот деген үмүттөмүн. Ал үчүн партиялардын жоопкерчилиги, салмагы, бекемдиги, түзүмү жана курамы маанилүү", - дейт Бакиров.
СУЛАЙМАНОВ: "Бүгүнкү кырдаалда референдум өткөргөнгө эч кандай негиз жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүнкү кырдаалда референдум өткөргөнгө эч кандай негиз жок экенин айтты.
"Эл парламенттик башкарууну бир эмес, эки жолу 2010-жылы, 2016-жылы тандаган. Күзүндө референдумду парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрсөк чыгым болбойт деп жатат. Бул болбогон сөз. Эл парламенттик башкарууну же президенттик башкаруунун бирөөсүн тандайт да. Анда радикалдуу өзгөрүүлөргө барыш керек болот. Дагы экинчи жолу референдум өткөргөнгө туура келип калат.
Бүгүн башка көтөрө турган маселе толтура. Кырдаал оор, жашоо кыйындап жатат. Менин оюмча, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таппайт. Буга көпчүлүк депутаттар каршы. Алар бүгүнкү абалды жакшы түшүнүп турушат", - дейт Сулайманов.
ЗУЛУШЕВ: "Биз жоопкерчиликтүү бир башкарууну тандап алышыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул мыйзам долбоору мурда эле жазылганын айтып, өзгөчө абал учуруна туш келип калганын белгиледи.
"Биз парламенттик башкарууга бараткан өлкө эмеспиз. Баш мыйзам боюнча, парламенттик-президенттик аралаш башкаруудагы өлкөбүз. Парламенттик-президенттик башкаруу, президенттик башкаруу мына 30 жылдан бери биздин мамлекетти сазга отургузду. Биз жоопкерчиликтүү бир башкарууну тандап алышыбыз зарыл. Таза парламенттик башкаруу же таза президенттик башкарууну тандашыбыз керек. Бул конституциялык реформа эмес, бул Конституциянын 2-беренесинин 3-пунктундагы олуттуу маселелер боюнча мыйзам долбоору. Кыргыз эли эмнени каалайт? Парламенттик башкаруунубу же президенттик башкаруунубу? Ошону эл тандасын деген гана мыйзам долбоору. Эл тандаган башкарууда Конституцияны жазып, биз мындай баш аламандыктан арылышыбыз шарт. Кыргыз мамлекетине биринчи жолу 2010-жылы Баш мыйзамды элдин кызыкчылыгына багыттап жазууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок ошол да жазылбай калып, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберишип, баш аламандык менен Конституция жазылып калып, бүгүн көрүп жатасыздар. Үч баш бар, парламент, президент, өкмөт, бирок жоопкерчилик эч кимде жок. Ошон үчүн жоопкерчиликти бир бийликке бериш керек.
Мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда чыккан жок. 19-мартта жиберилген. Анда өзгөчө кырдаал да киргизилген эмес болчу, ушул учурга туш келип калды. Бул трагедия эмес. Эл коронавирус деп эле психологиялык жактан чүнчүбөй, алаксысын. Үйүндө отурушуп, талкуу кылып, ойлорун айтышсын. Мыйзам долбоору бир ай сайтта илинип турат. Мыйзамдын кезеги бар. Ал жерди аттап өтө албайбыз. Элдин оюн угабыз. Комитетке киргизебиз, алар кабыл алабы, парламент кабыл алабы бул башка маселе. Айрымдар президентке "медвежья услуга" кылып жатат деп айтып жатышат. Бул сөздү кайсы топтор айтып жатканын түшүнүктүү. Президенттин, президенттик аппараттынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, өкмөттүн оюн билбейм да. Депутат катары 4 жылдан бери башкаруу формасын тандайлы деп айтып келе жаткан оюм. 2015-жылдагы шайлоодо "Республика-Ата-Журттун" программасында дагы бар.
Мен референдумдун өзүнчө өтүшүнө каршымын. Парламенттик шайлоо менен чогуу өтсүн деп жатам. Шайлоо менен өтсө, бюджеттен каражат үнөмдөлөт, бир ай бою депутаттыкка талапкерлер элге кайсы башкаруу формасы жагарын үгүт кылат. Шайлоо күнү эл добушун берет. Элдин чыныгы оюн байкайбыз. Биринчи жолу Кыргыз мамлекетинин тарыхында легитимдүү референдум өтөт. Бийликтин, саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы эмес, элдин оюн билебиз. Мен Кыргыз мамлекети башкаруу формасын туура тандаганда гана өнүгүү жолуна түшөбүз деп ишенем", - дейт Зулушев.
МАДУМАРОВ: "Бүгүнкү күнү андан башка талкуулай турган маселе толтура"
Саясатчы Адахан Мадумаров бүгүнкү күндө талкуулай турган маселелер толтура деген пикирде.
"Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулап, элдин пикирине салыш керек. Бирок бүгүнкү күнү эмес. Азыр талкуулай турган маселе толтура. Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун караш керек. 2020-2021-жылы кышында абал кандай болот? Сыртта жүргөн жарандарыбыз Кыргыз өлкөсүнө кире албай, күндөп-түндөп аэропорттордо жатат. Ушул маселелерди кароо зарыл. Конституцияны карай турган мезгил эмес", - дейт Мадумаров.
ШЫКМАМАТОВ: "Президенттик башкаруу түздөн-түз үй-бүлөлүк кландык башкарууга алып барат"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул демилге ишке ашпай турганын айтты.
“Азыркы кырдаалда, трагедиядан кантип чыгарыбызды билбей, элдердин кабыргасы кайышып, кыйналып турганда мындай демилгени сунуштаган туура эмес. Менин оюмча, ал киши бул демилгесин артка кайтарып алат деп ишенем.
Парламенттик же президенттик башкаруу боюнча кеп болуп калгандан кийин, бул тууралуу айта кетишибиз керек. Азыркы учурда бизде парламенттик башкаруу дегендер чоң жаңылышат. Азыр биз жашап жаткан систем президенттик-парламенттик систем. Президент супер укуктарга, парламент номиналдуу эле укуктарга ээ. Ошондуктан эң башкы саясий фигура президент. Башкы скрипканы азыр президент ойнойт. Бардыгы президенттин эркине, каалоосуна, чечимине байланган. Парламент, өкмөт дагы президенттин чечимдеринен көз каранды. Ошондуктан бизде президенттик-парламенттик башкаруу системи.
Ал эми толук кандуу парламенттик систем болсо, шайлоодо өтүп келген партиянын лидери Конституциянын негизинде премьер-министр болот. Ал шайлоодо элдин добушун алып келген партиянын лидери катары автоматтык түрдө өкмөт башчы болот. Аны коалиция урап калып, кандайдыр бир саясий чайкоочулуктун негизинде парламент шантаж кылып, эч качан кызматтан кетире албайт. Ал аткаруу бийлигинин башына келип, ага парламенттик шайлоодо элге берген убадаларын аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Премьер-министрдин укугу абдан кенен болот. Ал парламенттин астына жылына бир же эки жолу отчёт берип турат. Бюджетти кабыл алганда, министрлерди кызматка койгондо жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча парламентке келип, жеке өзү тикелей дискуссияларга катышат. Айтор, парламенттеги талкуулар аркылуу эл дагы бийликтин иштешин ачык-айкын көзөмөлдөп тура алат, анткени парламенттик аянтча ачык жана айкындуу. Ошентип мамлекетте эмне болуп, кандай чечимдер кабыл алынып, кандай дискуссия болуп, саясий күчтөр кандай идеяларды көтөрүп жатканынын бардыгын эл парламенттик аянтча аркылуу көрүп турат. Ушуну парламентаризм деп атайт. Парламентаризм системи элге жакын систем болуп саналат. Мына кечээ күнкү парламент эки аптага кетип калды эле элдер “Парламент кайда?” деп ызылдай башташты. Ошол маалда эл Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкармалыгынын жетекчисинен, шаардын комендантынан бүдөмүк маалыматты гана алып турдук. Кечээ парламентте бир күн кечке талкуу болду эле, элдин көзү ачыла түштү. Баары бир депутаттар аздыр-көптүр эл айткан суроолорду берип жатышты. Депутаттар эл арасында жүрүшөт. Элдерге жолугушат, аларга элдер көйгөйлөрүн айтышат.
Президенттик башкарууда мамлекет башчы кааласа элге чыгат, каалабаса чыкпай коёт. Баары бир адамдын чечимине байланыштуу болуп калат. Күнөө президентте эмес, системде болуп калат. Бүт дүйнө жүзү элдик бийлик орнотобуз деп парламентаризм системин көздөй жылып жатса, биз тескерисинче президенттик башкарууга кетебиз деп жатабыз. Президенттик башкаруу түздөн-түз эле үй-бүлөлүк, диктатордук режимге алып барат. Менин оюмча, эл кайра буга жол бербейт. Ооба, парламенттин сапаты начар, аны моюнга алышыбыз керек. Бирок битке өчөшүп, көйнөктү өрттөгөн болбойт. Парламентаризм системинен баш тартпай, тескерисинче аны өнүктүрүшүбүз керек. Шайлоодо жеңип келген партиянын лидери туруктуу, күчтүү премьер-министр болгон систем керек. Парламентте азчылыкты түзгөн, бирок ачуу чындыкты премьер-министрдин бетине айтып турган күчтүү оппозициясы бар систем керек. Шайлоочулар добушту партияга эмес, партиялык тизмедеги инсандарга тикелей берсе, парламенттик сапат кадимкидей оңолот. Муну преференциалдуу шайлоо эрежеси деп коёт, ошого өтүшүбүз шарт”, - дейт экс-депутат.
КАРАШЕВ: "Кыргыз өлкөсүндө парламенттик башкаруу формасы толук кандуу иштеп кете элек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргыз өлкөсүндө парламенттик башкаруу формасы толук кандуу иштеп кете электигин билдирди.
"Ар бир депутаттын кандай демилге менен чыгары өзүнүн эрки жана каалоосу. Парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандап алып 10 жылдан бери жашап келе жатабыз. Кыргыз өлкөсүндө парламенттик башкаруу толук кандуу иштеп кете элек. Эми бутуна туруп келе жатат. Жеке оюм боюнча, парламенттик башкаруу формасын толук кандуу Кыргыз өлкөсүнө орнотуп иштегенден кийин, башка нерсени ойлонушубуз керек. Азыр бул мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда жарыяланып калган үчүн талкуу болуп жатат. Автор өзү 19-мартта киргизгенин айтып жатат. Бул мыйзам долбоору башка убакта чыкса, башкача кабыл алынмак", - дейт Карашев.
КАДЫРБЕКОВ: "Кыргыз мамлекетинен башка бир дагы өлкө башкаруу системинин бардык түрүн башынан өткөргөн эмес"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков азыркы Конституцияны референдум менен эл кабыл алганын эскертти.
"Демек эл чечим кабыл алган. Эл парламенттик мамлекет болсун деп конституциялык кеңешменин, Убактылуу өкмөттүн сунушун колдоп берди. Азыр эми кайрадан "2010-жылы жаңылышып калган окшойсуңар, ойлонуп айтып көргүлөчү" деп сураган сөз болуп жатат. Кыргыз мамлекетинен башка бир дагы өлкө башкаруу системинин бардык түрүн башынан өткөргөн эмес. Депутат сабатсыздыгынан же бирөөнүн сунушун саясий оюнчук катары азыркы учурда көтөрүп жатат", - дейт Кадырбеков.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Парламенттик же президенттик башкаруу деп атап койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Аты эле өзгөрөт"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул сунушту алып чыгуу туура эмес деген оюн айтты.
"Парламенттик же президенттик башкаруу деп атап койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Аты эле өзгөрөт, кеп затында болуп жатат. Азыр парламенттик башкаруу дегенибиз менен Текебаевдин Конституциясы супер президенттик башкарууну алып келди. Ал жерде бүт баарын ачык көрсөтүп, жаза алышкан эмес. Анткени колдорунан келген эмес. Ошон үчүн Конституция иштебей турат. Эл өздөрү шайлаган президентке арызданышат. Президенттин колунда андай ыйгарым укук жок. Парламент болсо шайлоо системи туура эмес болгонуна байланыштуу алар бийликти ала албай, чече албай отурушат. Ошентип бүгүнкү Жогорку Кеңеш парламенттик башкаруунун абийирин бүт кетирип таштады. Мындай систем бизге жарашпайт. Эгерде парламенттик башкаруу дей турган болсок, аны аягына чейин чыгаруу зарыл. Анда өкмөт башчысы менен парламент биргеликте иштей албагандыгына жооп бериши шарт. Же болбосо толугу менен башкарууну президентке өткөрүп бериш керек. Анткени азыркы учурда жоопкерчилик жок болуп жатат", - дейт Чолпонбаев.