16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. Анда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы жыл сайын ысык суу өчүрүлгөндө пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлө турганын түшүндүргөн. Түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугу текшерилгенин айтып, мекемеден ЖЭБде эч кандай авария болбогонун кабарлашкан. SUPER.KG порталы чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген суроонун негизинде собол салды.
АБДЫЛДАЕВ: "ЖЭБдин жетекчилигине ишениш кыйын болуп калды"
"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖЭБде түтүк жарылганбы же текшерүү иштери жүргүзүлгөнбү, аны турмуш көрсөтө турганын айтты. "ЖЭБдин жетекчилигине ишениш дагы кыйын болуп калды. Ошондуктан жарылдыбы же болбосо пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлгөнбү, аны турмуш көрсөтөт, бул маселе иликтенет", - деди Абдылдаев.
ВАСИЛЬЕВ: "ЖЭБде суу түтүгүнүн жарылышынан кийин эч кандай терс жыйынтык күтүлбөйт"
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильевдин айтымында, ЖЭБде оңдоо иштери аяктаганда бардык жылуулук өткөрчү суу түтүктөрү жогорку басым алдында гидравликалык сыноодон өткөрүлөт. "Бул иш атайын жасалат, анткени эгер кайсы бир жерде мандем болсо, кышында эмес, азыр жайкы мезгилде оңдоп бүтүрүү үчүн. Ошондуктан "Улуттук энергетикалык холдинг" туура эле түшүндүрүп жатат", - деди Васильев.
КАСЫМАЛИЕВА: "ЖЭБде текшерүү болду дегенге өтө деле ишенген жокмун, иликтеш керек"
КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева текшерүү иштери жүргүзүлгөн дегенге өтө деле ишенбегенин билдирди. "Барып көрүп, текшерүү керек. Жогорку Кеңештин жыйынына келишсе сурайм. Чын эле пландык текшерүү болсо, суу антип атылбайт болчу. Башка жылдары деле антип атылган эмес. Кызыктай кырдаал түзүлүп калды", - дейт Касымалиева.
НЫШАНОВ: "Текшерүү иштери жүргүзүлгөн дегенге ишендим"
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов текшерүү иштери жүргүзүлгөнгө ишенсе болот деген пикирде. "Мындан мурун түтүктөрдү жогорку басым менен текшерилет деген маалыматтарды окугам. Ишенсе болот. Себеби жалган айткандар жоопкерчиликке тартылып жатат. Аткаминерлер жалган айтканга барбай калды", - дейт Нышанов.
МОЛДОКМАТОВ: "Тийиштүү органдар тыгыз көзөмөлгө алып текшериши керек"
Жарандык активист Жеңиш Молдокматов "ЖЭБде текшерүү иштери болгон" дегенге ишенүү кыйын деди. "16-июнда ЖЭБде болгон окуя боюнча жеке өзүмдүн суроолорум бар. Текшерүү иштери жыл сайын болот. Жылда ошондой фонтан атылганын көрсөк ынанмакпыз. Менин оюмча, ал жерде авария болгон болушу керек.
Мурда кышында ЖЭБдеги окуядан улам эл көтөрүлбөсүн деп жатса керек деп шектенем. ЖЭБдин дубалдарынын жанынан суу атылып жатат. Жолго жакын, бери жагында электр чубалгылары турат. Мындай болбош керек эле. Ишенүү кыйын. Себеби биз "ЖЭБде реконструкциялоо болду" дегенде ишенгенбиз. Бул боюнча тийиштүү органдар тыгыз көзөмөлгө алып текшериши керек", - дейт Молдокматов.
КАРАШЕВ: "Текшерүү ишинде мынча суу акканын биринчи жолу көрүп жатам"
КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев "Улуттук энергохолдингдин" маалыматына ишенбегенин белгиледи. "Текшерүү ишинде фонтан кылып суу агызгандын деле кереги жок. Мындайды биринчи жолу угуп жатам. Ишенбейм. Авария болду деп деле айта албайм", - деди Карашев.
УМБЕТАЛИЕВ: "ЖЭБдеги суу түтүгүнүн жарылышын ири авария деп эсептесек болот"
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев бүгүн-эртең шаарга ысык суу берилиши керек эле, бирок даярдыктын жок экени көрүнүп калганын айтты. "Бир айда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүшү керек эле. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин шаарга ысык суу же муздак суу болобу, басым менен берип, анан текшерилет. Бүгүн-эртең шаарга ысык суу берилиши керек эле, бирок даярдык жок экени көрүнүп калды. Чоң түтүктүн жарылып кеткенин ири авария деп эсептесек болот", - деди адис.