КҮНСОБОЛ: Ишкерлердин арыздануусун жараткан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылганы туурабы?

17-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алган. Анда ал өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды.

2018-жылдын 16-майында президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди. Ишкерлердин арыздануусун жараткан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылганы туурабы?" деген собол салды.

ТОКТОШЕВ: "Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбашы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбашы керектигин белгиледи.

"Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбайт. Ар дайым иштеп турушу керек. Укук коргоо органдары, прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы коррупциялык иштерден түшкөн акчаны которушат. Бул эсеп жабылбашы керек. Мисалы, былтыркы жылы эсепке түшкөн каражат мектеп курууга жөнөтүлдү", - дейт Токтошев.

БЕКЕШЕВ: "Бирдиктүү депозиттик эсепке акча түшүрүүдө укук коргоо органдарынын арасында атаандашуу пайда болуп, ишкерлерге кысым көрсөтүлгөн"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган эсеп жабылышы керек деген пикирде.

"Бул тууралуу бир топ эле маселе көтөргөм. Азыр укук коргоо органдарынын арасында атаандаштык түзүлдү. Алар ким канча каражат чогултат деп ишкерлерди жүдөтүп башташты. Ишкерлер президентке кайрылышып, мамлекет башчы Коопсуздук кеңештин катчысына тапшырмасын берди. Андай эсепти жоюш керек. Башталган аракет туура болчу, бирок укук коргоо органдары туура эмес кабыл алышты. Коррупционерлерди эмес, ишкерлерди кыйнап башташты", - дейт Бекешев.

ЖАМАЛДИНОВ: "Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражат максаттуу пайдаланылып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражат максаттуу колдонулуп жатканын айтты.

"Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбайт. Президент өзү көзөмөлдөп жатат. Былтыр коррупциялык иштерден жакшы суммадагы каражат түштү. Ошонун эсебинен Чүй облусунда, Ош шаарында мектеп курулуп жатат. Аталган эсепке түшкөн акча максаттуу колдонулууда", - дейт Жамалдинов.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылса, коррупцияга каршы күрөшүү иши токтотулду дегенди түшүндүрөт"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылса коррупцияга каршы күрөшүү иши токтотулду дегенди түшүндүрөт.

"Бирдиктүү депозиттик эсептин иши мындан ары туура жүрсө жабылып калышы мүмкүн эмес. Эсеп жабылып калса коррупцияга каршы күрөшүү иши токтотулду дегенди түшүндүрөт. Коррупцияга каршы күрөш улантыла турган болсо эсеп жабылбаш керек. Бул эсепке коррупциялык иштерден каражат түшөт. Ар кайсы текшерүүлөрдөн каражат түшүп жатканы туура эмес. Соттун өкүмү чыккандан кийин акча түшүшү зарыл. Тергөө учурунда түшкөн акча мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн. Президент күч түзүмдөрү ишкерлерди кайра-кайра текшерип каражат түшүрүп жатканына нааразы болуп жатат", - дейт Чолпонбаев.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Эсепке түшкөн каражат максаттуу колдонулса, жабылбай иштей берет"

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев эсепке түшкөн каражат максаттуу колдонулса, жабылбай иштей бере тургандыгын айтты.

"Ал жакка түшкөн каражаттар максаттуу түрдө, мыйзам бузуу жок колдонулганы такталса, Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылбай иштей берет. Эгерде түшкөн каражаттар кыянаттык менен колдонулса, туура эмес иштерге жумшалса кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылат. Мындан улам Бирдиктүү депозиттик эсеп жабылып калышы мүмкүн", - дейт Дүйшөбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан