8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.
SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы?" деген собол салды.
ТУРСУНБЕКОВ: "Азыркы күчтү экономикага бура турган мезгил келди"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков экономикага көңүл буруу зарылдыгын айтты. "Негизи биздин максатыбыз Кыргыз мамлекетинин экономикасын өнүктүрүү жана ага көңүл буруубуз абзел. Азыркы күчтү экономикага бура турган мезгил келди", - дейт Чыныбай Турсунбеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Өлкөдө экономика, социалдык абал, тышкы саясат оор абалда турат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдиргендей, Атамбаевдин саясий аренадан убактылуу кеткени кандайдыр бир деңгээлде бийликке реформаларды, өзгөрүүлөрдү жасоого шарт түзүшү мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө экономикабыз, социалдык абалыбыз, тышкы саясатыбыз оор абалда турат. Эгерде мурдагыдай эле 2 жыл бою маанилүү реформалар жүрбөсө, саясий систем өзгөрбөсө, анда биздин экономикабыз, саясатыбыз, жалпы мамлекеттин абалы өзүнөн-өзү өзгөрүп, жакшы болуп кетпейт. Ошондуктан Атамбаев барбы же жокпу, жалпысынан мамлекет үчүн ал көп деле маанилүү эмес. Бийлик баары бир экономикалык программаларды ишке ашырууга, саясий реформаларды жасоого мажбур болот. Эгерде бийлик ушул учурдан пайдаланып, кандайдыр өзгөрүүлөрдү жасаганга аракет кыла турган болсо, Атамбаевдин саясий аренадан убактылуу кеткени кандайдыр бир деңгээлде бийликке реформаларды жасоого шарт түзүшү мүмкүн", - дейт Жээнбеков.
КАЛМАМАТОВ: "Жакынкы убакыт аралыгында Атамбаевдин көмүскөдөгү күчтөрү бийликке дагы бир ирет сокку урушу мүмкүн"
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов Атамбаев уюштуруп кеткен аймактар аралык тиреши ушул учурда да эл арасында басыла элек деген пикирде.
"Атамбаев камалганы менен анын кесепеттери узакка чейин созулат. Ал өз учурунда бийликке каршы чабуулда саясаттагы тыюу салынган ыкмаларды колдонуп жиберди. Башкача айтканда, учурда Атамбаев гана камалды. Ал эми ал уюштуруп кеткен аймактар аралык тиреши ушул учурда да эл арасында басыла элек. Атамбаев бийлик менен күрөшүүдө дал ушул маселеге басым жасап жатып ушундай акыбал жаралып калды. Эл арасында бул нерсе ачык-айкын айтыла баштаганы өкүнүчтүү.
Менин баамымда, жакынкы айларда Атамбаевдин көмүскөдөгү күчтөрү бийликке дагы бир ирет сокку урушу ыктымал. Буга өлкөдөгү экономикалык абал жана мен айтып жаткан жогорудагы маселе себеп болушу мүмкүн. Анан калса шайлоо да жакындап баратат. Демек өлкөдө саясий туруксуздук улана бериши ыктымал. Мындан ары да резонанстуу камоолор орун алышы мүмкүн", - дейт экс-депутат.
ТУРДУКУЛОВ: "Бир маселе чыкса Атамбаев жасап жатат деген шылтоо болбой бийликке карата нааразычылыктар күчөй берет"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов азыркы бийликте шылтоо жок калганын айтты.
"Мурда азыркы бийлик, аны коштогон эксперттер, журналисттер, саясатчылар чек ара, уран, көйгөйлүү маселелер жаралса эле Атамбаев жана анын жанындагылар ызы-чуу чыгарып жатат деген шылтоо айтышчу. Чынында бул бийликтин кетирген каталарынын жыйынтыгы болгон. Алар бул маселелерди түп тамырынан чечпей туруп, өрт өчүргүч сыяктуу эле анын жыйынтыгы менен күрөшүүгө ынтызар. Эми андай шылтоо болбой бийликке карата нааразычылыктар күчөй берет", - деди Турдукулов.
ТАЛГАРБЕКОВ: "Эми бул бийлик инвестиция тарта албай, экономиканы өнүктүрө албаса чоң сынга кабылат"
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калган жок деген пикирде. "Бийлик Атамбаевге байланыштуу иштерди укук коргоо органдарына бериши керек. Өздөрү экономика маселесине көңүл бөлүшү шарт. Биринчи кезекте инвестицияны тартуу менен алектенип, ошонун үстүндө иштеши керек. Бийлик инвестиция тарта албай, экономиканы өнүктүрө албаса чоң сынга кабылат", - дейт Талгарбеков.
ИСАКОВ: "Мурдатан бери уланып келе жаткан чириген систем жоюлбаса, экономика өнүкпөйт"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков эски системди алмаштырмайынча өлкөнүн экономикасы да өспөйт деген ойдо.
"Бир эле тоскоолдук бар. Ал эскирген, чириген систем! Аны алмаштырбаса, ага аракет дагы жасабаса же аракет жасамыш болуп туруп, иш жүзүнө ашырбаса, анда жаңы булганбаган күчтөр чыгып системди иш жүзүндө өзгөртүүсүн талап кылат.
Мурдатан бери уланып келе жаткан чириген систем жоюлбаса, экономика да өнүкпөйт. Ал эми, экономика өнүкпөсө социалдык нааразычылыктар күчөйт. Таштандыны сыртка чыгаргандын ордуна улам килемдин алдына үйө бергендин дагы чеги бар. Ал нерсе килемдин алдынан келе берген "жагымсыз жыт" болуп бир күнү капиталдык тазалоону талап кылат", - дейт Исаков.
АСАНОВ: "Алмазбек Атамбаев жөн гана ызы-чуу салган киши. Келечеги жок саясатчыдан бийлик коркпойт"
Саясатчы Бектур Асанов учурда коомдо бийликке ичи чыкпаган электорат көп, алар болжол менен 60 пайызды түзөт деп айтты. "Бийликтин негизги оппоненти Алмазбек Атамбаев эмес, ал жөн гана ызы-чуу салган киши. Анын артында күч, келечеги жок экенин мурда деле айтып келгенбиз, ал эми келечеги жок саясатчыдан бийлик коркпойт. Учурда оппозиция коомдо бар, алар акырындык менен пайда болууда, күзүндө дагы чыгышы мүмкүн.
Жаңы күчтөрдү бийлик камап сала албайт, аларга карата кылмыш иштери жок. Алар туура саясат жүргүзүп, артынан эл ээрчигендиктен шайлоодо коркунуч жаратат. Мына ушул күчтөргө бийлик бут тосушу мүмкүн.
Учурда коомдо бийликке ичи чыкпаган электорат көп, алар болжол менен 60 пайызды түзөт. Менимче, алардын көбү жаңы оппозициялык күчтөргө ооп кетет. Атамбаевди эл ээрчибей койгондугу анын коррупция, уурулук, Батукаевдин иши боюнча эл кабардар экендиги себеп. Накта оппозиция эми чыгат, себеби оппозициялык талаа бошоду. Учурда ызы-чуу жараткан киши жок, мындан улам бийликке бир топ кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бийлик саясий, сот тармагында жана экономикалык реформаларды жасашы абзел.
Ал эми айрымдардын Бабанов оппозиция болот деген кептен алысмын. Ал оппозиция боло албайт, себеби ал бийликтин камчысын чабат. Бабанов бийлик үчүн өтө ыңгайлуу фигура", - дейт Асанов.