Кубанычбек Кулматов "Бийлик мага талап койду, мен аткарбайм дедим" деп УКМКга суракка кирип кетти

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка кирип кетти. Ал УКМКнын имаратына кирип бара жатып журналисттерге төмөнкүнү айтты.

"Үйүм тинтүүгө алынганы чын, үйдөн эч нерсе табылган жок. Кылмыш ишинин козголушу саясий нерсе болуп жатат. Психологиялык кысым болуп жатат деп эсептейм. Мени камайт деп ойлобойм. Кызматтан кетишим деле саясий нерседен улам. Бийлик мага талап койду, мен аткарбайм дедим, ошол себептен жумуштан кеттим", - деди Кулматов.

Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Буга чейин 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыкан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган 86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.

Кулматовдун үйүнө тинтүү 19-майда жүргүзүлгөн.

Кулматов: "Бийлик мага талап койду, мен аткарбайм дедим"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан