Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча кабыл алган тапшырмалардын тизмеси

17-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча токтом долбоорун кабыл алган. ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия төмөнкүдөй чечимге келген:

1. “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоого, кол коюуга, жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашырууга, мамлекеттик кабыл алууга тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү башкы прокурорго тапшырылсын.

2. Мекемелер аралык топ түзүү жана төмөнкүлөрдү текшерүү башкы прокурорго, Эсептөө палатасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылсын:

- Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоого багытталган 386 миллион АКШ доллары суммасындагы кредиттин натыйжалуу, максаттуу пайдаланылышын;

- кытайлык ТВЕА компаниясы менен иш алып барган ишканалардын кызмат адамдары менен байланышы бар же жоктугун;

- жабдуулардын жана аткарылган иштердин, анын ичинде кычкачтардын, видеобайкоо камераларынын, кондиционерлердин, жүк жүктөөчү лифттердин жана башкалардын бааларынын (ашык болушун) ылайыктуулугун;

- 2013-жылдын 10-сентябрында Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн протоколунун алкагында 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бөлүнгөн “Кара-Кече” ЖЭБин куруу боюнча ТЭНди иштеп чыгууга каражаттарды чыгымдоонун негиздүүлүгүн иликтесин.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңешке үч айлык мөөнөттө маалымат берсин.

3. Өкмөткө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- Подрядчы тарабынан Контракттык макулдашуунун шарттарынын толук аткарылышын камсыздоо;

- 2014-жылдын 25-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана “Электр станциялары” ишканасынын ортосундагы гранттык макулдашуу насыясын, 2013-жылдын 11-сентябрындагы Кытайдын Эксимбанкы менен макулдашуудагы насыяны жоюу мөөнөттөрүн ылайык келтирсин.

4. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине мындан ары Кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун тармактык комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кароо сунушталсын.

5. Жыйынтыктоочу корутунду жана тыянактар президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, башкы прокурорго жөнөтүлсүн.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамы:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Улан Примов (комиссиянын төрагасы);

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан